| Адрес | Ош шаары, Алымбек датка көчөсү 331 |
| Телефон | 0(3222) 7-07-12 |
| Факс | 0(3222) 7-09-15 |
| Веб-сайт | |
| edu@oshsu.kg |
КОЖОБЕКОВ КУДАЙБЕРДИ ГАПАРАЛИЕВИЧ
![]()
Эмгек ишмердигин 1997-жылы ОшМУнун колдонмо математика жана информатика кафедрасында окутуучу болуп баштаган.
2002-2007-жылдары Компьютердик технологиялар факультетинин деканынын сырттан окуу боюнча орун басары, прикладдык жана компьютердик математика кафедрасынын улук окутуучусу болуп иштеген.
2008-2011-жылдарда Математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары, программалоо кафедрасынын улук окутуучусу, доценти.
2011-2016-жылдары ОшМУнун окуу-информациялык департаментинин директору, программалоо кафедрасынын доценти.
2016-2017-жылдары ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору кызмат орундарында эмгектенген.
2017-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары кызматын аркалаган.
2019-жылдын 13-сентябрынан 28-октябрына чейин ОшМУнун ректорунун милдетин аткаруучу.
2019-жылдын 11-ноябрынынан ОшМУнун ректору кызматына шайланды.
-Ош шаар мэриясынын Ардак грамотасы, (2005);
- Ош мамлекеттик университетинин Ардак грамотасы, (2008);
- КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, (2012);
- Россия табигый илимдер академиясынын профессору, (2016).
-2009-жылдын 25-декабрында ф.-м.и.д., профессор А. Сопуевдин жетекчилиги астында «Аралаш типтеги үчүнчү тартиптеги жекече туундулуу дифференциалдык теңдемелер үчүн чек аралык маселелер» деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон.
- 2014-жылдын 27-мартында КРнын жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен “Математика” адистиги боюнча доценттик илимий наам ыйгарылган.
- 2020-жылдын 18-июнунда ф.-м.и.д., профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти К. Алымкуловдун жетекчилиги астында “Бисингулярдуу козголгон дифференциалдык теңдемелердин чечимдеринин бир калыптагы асимптотикасы” аттуу темада физика-математика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын коргогон.