Чыгыш таануу институту

Университет Структуралар Институттар Чыгыш таануу институту

Чыгыш таануу институту

Адрес Ош шаары, И.Раззаков көчөсү, 21а
Телефон +996770577878
Факс
Веб-сайт http://institut-vostokovedenie.oshsu.kg/
E-mail Vostok@oshsu.kg

ИНСТИТУТТУН КЫСКАЧА ТАРЫХЫ

Чыгыш таануу институту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы №53 “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор  К.Г. Кожобековдун 2021-жылдын  7-январындагы №17-ФХД/21 буйругуна ылайык Ош мамлекеттик университетинин алдында Чыгыш таануу илим-изилдөө институту түзүлүп, Чыгыш таануу институту Ош мамлекеттик университетинин алдында өз алдынча структура катары алгачкы ишин баштаган.

Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 4-майындагы №8 жыйынында Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Чыгыш таануу илим-изилдөө институтун Чыгыш таануу институту деп өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынып, 2023-жылдын 19-майында ректордун №2176-ФХД/23 буйругу менен Чыгыш таануу институту деп аты өзгөртүлүп, кайрадан түзүлүп, ректор К.Г. Кожобековдун 2023-жылдын 26-майындагы №2289-ФХД/23 буйругу менен Чыгыш таануу институтунун директору болуп чыгыш таануу кафедрасынын доценти Ж.С. Бөтөнөев дайындалган.

АДИСТИКТТЕР         

Адистикттердин аталыштары

Окуу мөөнөтү

Окуу формасы

Контракттын суммасы

Чет өлкөлүктөр үчүн контракттын суммасы

БАКАЛАВРИАТ

1

“Чыгыш таануу, африка таануу”. Чыгыш (кытай, корей, япон, араб, түрк, фарси) тилдери жана дипломатиясы.

4 жыл

Күндүзгү

30100 сом

48 160/60 200 сом

 

2

“Лингвистика”. Котормо жана котормо таануу: Чыгыш (кытай, корей, япон, араб, түрк, фарси) тилдери.

4 жыл

Күндүзгү

32000 сом

51 200/64 000 сом

 

3

“Конфликтология. Жалпы конфликтология”

4 жыл

Күндүзгү

35000 сом

56 000/70 000 сом

 

МАГИСТРАТУРА

1

“Чыгыш таануу, африка таануу”. Чыгыш (кытай, корей, япон, араб, түрк, фарси) тилдери жана дипломатиясы.

2 жыл

Күндүзгү

27160 сом

40 740/54 320 сом

 

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

Чыгыш таануу институтунда чыгыш таануу кафедрасынан сырткары “Котормо жана котормо таануу”, “Катар-Араб”, “Корей тили жана маданияты”, “Япон тили жана маданияты”, “Кытай тили жана маданияты”, “Түрк тили жана маданияты”, “Хинди тили жана маданияты” борборлору, “Араб тили”, “Иран тили”, “Корей тили”, “Англис тили”, “Немис тили” “Лингафондук” кабинеттери жана “Чыгыш кол жазмалары фонду” иштейт.

Институттун китеп фонду 5000ден ашык китепти түзүп, Чыгыш өлкөлөрүнүн тили, тарыхы, маданияты, дини, философиясы, экономикасы жана дипломатиясы боюнча китептер жана журналдар менен камсыз болгон.

00гө жакын электрондук китептер электрондук китеп канага жайгаштырылган. Мындан сырткары 20 студентке ылайыкташкан бир компьютердик класс иштейт.

ИЛИМ-ИЗИЛДӨӨ БАГЫТЫ

Чыгыш таануу институтунун илим изилдөө темасы “Кыргызстандагы чыгыш таануу, лингвистика жана конфликтология илимдеринин актуалдуу маселелери” деп аталып, аталган теманын алкагында институттун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, магистранттар, изденүүчүлөр, аспиранттар жана докторанттар илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, бир топ долбоорлордун үстүндө иштеп келишет.

Чыгыш таануу институтунун “Чыгыш таануунун актуалдуу маселелери” аталышындагы илимий журналы 2020-жылдан бери жарык көрүп, аталган журналга Азия жана Африка өлкөлөрү боюнча илимий макалалар жарыяланып келет.

Чыгыш таануу институтунда бир илимдин доктору, профессор, төрт илимдин кандидаты, доценттер, эки улук окутуучу, 16 окутуучу жана 3 көмөкчү персоналдар эмгектенишет.

Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Ж.С. Бөтөнөевдүн жетекчилиги менен “Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон кыргызстандыктардын изи менен”, чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, доцент Э.М. Эркебаевдин жетекчилиги менен “Чагатай жана фарси тилдериндеги кол жазмалардагы кыргыз тарыхы” жана чыгыш таануу кафедрасынын улук окутуучусу Ш.И. Носировдун жетекчилигинде “”Бабур-Наме” кол жазмасындагы Кыргызстан тууралуу маалыматтарга анализ” – деген темада окуу жай тарабынан каржыланып жаткан илимий долбоорлор ийгиликтүү иштеп жатат.

ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМДЫН КВАЛИФИКАЦИЯЛАРЫН ЖОГОРУЛАТУУЛАРЫ

Чыгыш таануу институтунун профессордук-окутуучулук курамы Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайджан, Түркия, Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Иран, Россия, Кытай, Корея, Япония, Индия, Пакистан, Индонезия, Малайзия, Сингапур, Америка, Улуу Британия, Ирландия, Түндүк Ирландия, Шотландия, Нидерландия, Польша, Германия, Франция, Бельгия, Италия, Испания, Венгрия,  ж.б. чет өлкөлөрдө болушуп, квалификацияларын жогорулатып келишет

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

Чыгыш таануу институтунда студенттер менен магистранттар академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркия, Египет, Корея, Чехия ж.б. мамлекеттерден окуп келишүүдө.

КООМДУК ИШТЕР

Чыгыш таануу институтунун профессордук-окутуучулук курамынын, студенттеринин, магистранттарынын, изденүүчүлөрүнүн, аспиранттарынын жана докторанттарынын академиялык мобилдүүлүктөрүн, кесипке багыттоо иштерин, илимий изилдөөлөрүн, квалификацияларын жогорулатууларын, илимий конференцияларга катышууларын институттун “Востоковед-Международник” аталышындагы журналына сандан-санга жарыялап турушат.

Мындан сырткары, институттагы жаш окутуучулардын, докторанттардын, аспиранттардын, изденүүчүлөрдүн, магистранттардын, жана студенттердин башын бириктирген “Чыгыш таануучулар”, “Лингвисттер” жана “Конфликтологдор” клубдары өз алдынча иш алып барышат.

Чыгыш таануу институту өзгөчө стейкхолдерлер менен иш алып барууну жакшы жолго коюп, “Бүтүрүүчүлөр” жана “Жумуш берүүчүлөр” ассоциацияларын түзүп, алар менен тыгыз иштешип келет.

Чыгыш таануу институтунун директору : Бөтөнөев Жолдошбек Советбекович

Байланыш номери:  996551025302

Электрондук дареги: jbotonoev@oshsu.kg

Илимий даражасы : тарых илимдеринин кандидаты ,  доцент

 

Фото галерея