ОшМУнун Бизнес паркы

ОшМУнун Бизнес паркы

ОшМУнун ректору, профессор Кожобеков К.Г. Кыргыз Республикасынын мурунку Билим берүү жана илим министри А. Бейшеналиевдин жетекчилигинде 2022-жылы май айында КР ЖОЖдорунун ректорлорунун делегациясынын курамында АКШнын университеттеринде жана Силикон өрөөнүндө иш сапарында болуп, тажрыйба топтоп келген.

АКШга болгон сапардын жыйынтыгы менен ОшМУнун Административдик кеңешинин 2022-жылдын 20-майындагы  №20 жыйынында “КР ББИМнин делегациясынын Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат”  деген маселеге карата ОшМУнун Бизнес-инкубаторун ачуу  жөнүндөгү чечим кабыл алынган жана ОшМУнун ректорунун тиешелүү буйругу чыккан. Буйрукка ылайык “ОшМУнун Жаштар Бизнес Паркы” (мындан ары - ЖБП ОшМУ) аталышындагы бизнес-инкубатор түзүлүп, штаттык жадыбалы бекитилип, директорлук кызмат ордуна  Эрлан Камалов бекитилген.

 

  • ОшМУнун Бизнес паркынын милдети

ОшМУнун бизнес паркы окуу жайдагы студенттерге, окутуучуларга стартаптарды иштеп чыгуу, аны жүзөгө ашырууга чейин окутуп багыт берет. Ошондой эле мыкты бизнес идеяларды ишке ашыруу үчүн каражат табууга көмөктөшөт. 

 

  • ОшМУнун Бизнес паркынын миссиясы жана максаттары

Бизнес-инкубатор – бул студенттерге, жаш окумуштууларга алардын ишкердик ишмердүүлүгүн жана инновациялык идеяларын уюштурууда жана өнүктүрүүдө колдоо  көрсөтүү жана көмөктөшүү боюнча каражаттар менен чаралардын жыйындысы.

Бизнес-инкубатордун максаты төмөнкү болуп саналат: 

студенттер менен жаш окумуштуулардын инновациялык жана ишкердик идеяларын монетизация жана коммерциялаштыруу процессин уюштуруу, ошондой эле адистерди базар экономикасынын реалийлерине жана ишкердик ишмердүүлүктүн талаптарына даярдоо.

 

  • Сырткы байланыштар

Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен тыгыз кызматташуу максатында 2022- жылдын 2-декабрь күнү Баткен шаарында болуп өткөн Баткен экономикалык форумунда ОшМУнун Бизнес паркынын директору Камалов Эрландын жана Фергана шаарында жайгашкан Фергана жаштар инновациялык борборунун директору Фуркат Усмановдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Ош мамлекеттик университетинин Бизнес паркы менен Фергана инновациялык борборунун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу жөнүндө меморандумга кол  койгон.

2022-жылдын 18-декабрында Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарында болуп өткөн эл аралык билим берүү форумунун алкагында ОшМУнун Бизнес паркынын, Фергана өрөөнүнүн Бизнес академиясынын жана ВООSТ долбоорунун ортосунда үч тараптуу кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

 

  • ОшМУнун Бизнес паркы социалдык түйүндөрдө

Instagram:  Business.oshsu.kg  

Facebook:  Молодёжный Бизнес Парк ОшГУ

Электрондук кат куржун:  business@oshsu.kg

Дареги: Ош шаары, Масалиева көчөсү 91

Байланыш номерлери: +996 772 750 705, +99677869

Фото галерея