Илимий изилдөө ишмердүүлүгү

Илим Илимий изилдөө ишмердүүлүгү

Илимий изилдөө ишмердүүлүгү

Окутуучу-профессордук курамдын сапаттык көрсөткүчү

ОшМУнун илимий-изилдөө иштери КРдин Жогорку аттестациялык комиссиянын 2015-жылдагы, КРдин Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы №327-токтому менен бекитилген ЖОБОлорго, КРдин “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 2019-жылдын май айындагы өзгөртүүлөрөнө ылайык жүргүзүлуп келүүдө. Университетте илимий-изилдөө ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасындагы жогорку билим берүү жана илим саясатындагы университеттин ролуна ылайык жана илимдин приоритеттүү багыттары менен тыгыз байланышкан деңгээлде аткарылып келе жатат. 

2021-жылдын 1-январына карата университеттин жалпы профессордук-окутуучулук курамынын саны – 1885, анын ичинен:  КУИАнын мүчө-корреспонденттери – 2, Инженердик академиянын академиги – 1, Инженердик академиянын мүчө-корреспонденттери – 6, Европадагы Табият таануу академиясынын академиги – 1, Россия табият таануу академиясынын                мүчө-корреспонденттери – 5, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмерлер – 3, билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкерлер – 10, Россия табият таануу академиясынын  билим берүүсүнө жана илимине эмгек сиңирген ишмерлер – 1, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер – 16, Кыргыз Республикасынын  эл артисти – 1, Кыргыз Республикасынын  эмгек сиңирген эл артисттери – 3, эмгек сиңирген врачтар – 5, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын ээлери – 2.

2021-жылдын 1-январына карата университетте  428-илимдин кандидаты, 70 илимдин доктору,  8 философиянын доктору (PhD) эмгектенишүүдө.

Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо

2020-жылы ОшМУда   4 докторлук,  5 кандидаттык  диссертация  корголгон. Мындан сырткары көптөгөн диссертациялар диссертациялык кенештерде коргоонун алдында турат. Ал эми  2010-2020-жылдары ОшМУнун окумуштуулары тарабынан 28 докторлук жана 243 кандидаттык диссертациялар корголгон. ОшМУда илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн материалдык колдоо көрсөтүү көптөн бери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Тактап айтканда, 2012-жылдын октябрь айынан баштап кандидаттык диссертация коргогон окутуучулар 20 000 сом, докторлук диссертация коргогон доценттер 40 000 сом акчалай сыйлык алышса, 2014-жылдын 24-январынан баштап кандидаттык диссертация коргогон окутуучулар 25 000 сом, докторлук диссертация коргогон доценттер 50 000 сом акчалай сыйлык алышкан. Ал эми 2015-жылдын 5-мартынан баштап кандидаттык диссертация коргогон окутуучулар 30 000 сом, докторлук диссертация коргогон доценттер 60 000 сом акчалай сыйлык алып  келишкен болсо, 2018-жылдын 2-мартынан баштап кандидаттык диссертация коргогон окутуучулар 50 000 сом, докторлук диссертация коргогон окумушутулар 100 000 сом акчалай сыйлык алып жатышат.  Бул колдоо илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө, илимдин кандидаттары жана докторлору үчүн чоң стимул болоору талашсыз.

Университетте жаш окумуштуулар менен адистердин кесиптик өсүшүнө өбөлгө түзүү, алардын кызыкчылыгын коргоо, илим жана билим берүү чөйрөсүндө жаштар саясатын өнүктүрүү максатында илимий изилдөө бөлүмүнүн алдында жаш илимпоздордун кеңеши түзүлүп, бул багытта иш алып барууда.

Илимий долбоорлор

ОшМУнун окумуштуулары жергиликтүү мамлекеттик бийликтерде түзүлгөн эксперттик кеңеши менен биргеликте Республикабыздын түштүк аймагында экономикалык, социалдык өнүгүүсүнүн перспективдүү багыттарына, билим берүү процессине түздөн-түз колдонууга багытталган жана КРдин Билим беруу жана илим министрлиги тарабынан каржыланган илимий долбоорлорду ийгиликтүү аткарып келе жатышат.

Университеттин абройлуу илимпоздору бир топ жылдан бери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан илимдин приоритеттүү багыттары боюнча жарыяланган конкурстарга активдүү катышышып, тиешелүү багыттарда илимий-изилдөө иштерине белгилүү өлчөмдөгү гранттарды утуп келе жатышат. 2021-жылы  илимдин 8 приоритеттүү багыты боюнча КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 3 932 899 сомго каржыланган илимий долбоорлор жүргүзүлүп жатат.

Жалпысынан 2010-2021-жылдарда жалпысынан 100 илимий долбоор боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, Министрлик тарабынан  49 573 012 сом  менен каржыланган.

Ошондой эле 2021-жылы ОшМУнун окутуучу-профессордук курамын жана аспиранттарын натыйжалуу өз алдынча илимий изилдөөлөргө тартуу максатында университет тарабынан каржыланган жалпы суммасы 5 000 000 сомдук сынак жарыяланды. Бул сынакка жалпы 17 илимий изилдөө долбоору келип түштү. Жыйынтыгы жакынкы күндөрдө чыгарылып, комиссия тарабынан жактырылган долбоорлорго каражат бөлүнүп берилет.