Медициналык колледж

Университет Структуралар Колледждер Медициналык колледжи

Медициналык колледж

Адрес Н.Исанов көчөсү 77
Телефон +996 3222 4-35-07
Факс
Веб-сайт http://medcolledj.oshsu.kg/
E-mail mail.oshsu.kg

ОшМУнун медициналык факультетинин Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде (протокол № 7, 31.05.2002), Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен ОшМУнун Окумуштуулар Кеңеши тарабынан  жана ОшМУнун ректорунун буйругу менен (06.01.2002) медициналык факультеттин астында  окуу -медициналык борбору ачылган. 2003-жылдын 29-декабрында ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен окуу-медициналык борбор ОшМУнун медициналык окуу жайы болуп өзгөртүлгөн

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2008-жылдын 7-августундагы No487/1 “Орто кесиптик окуу жайлардын аталыштарын өзгөртүү жөнүндө” жана ОшМУнун ректорунун 2008-жылдын 31-октябрындагы No923 буйругунун негизинде ОшМУнун алдындагы медициналык окуу жай медициналык колледж болуп өзгөртүлдү.

Адамдарга эң керектүү адистиктин ээси болууну кааласаңыз,анда ОшМУнун алдындагы медициналык колледжге тапшырыныз!

  • ОшМУнун миссиясы: – жалпы адамзаттык баалуулуктарга ээ болгон жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн ишке ашырууга салым кошкон заманбап адистерди даярдоо (ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 31-мартындагы №7 отурумунун протоколу)
  • Баалуулук: колледждин негизги баалуулугу болуп анын кызматкерлери жана студенттери  саналат.
  • ПРИНЦИПТЕР:

• Ачыктык

• Лидерлик

• Өнүгүү жана инновациялар

• Командалык дух

  • ИЛИМ: Колледждеги билим абсолюттук деңгээлде колдонулат. Биз бүгүнкү жана келечектеги актуалдуу билим берүүнү сактоого, жогорулатууга жана өнүктүрүүгө умтулабыз!
  • САПАТ: мезгилдин талабына ылайык жогорку сапаттагы бүтүрүүчүлөрдү даярдоо.
  • ЖООПКЕРЧИЛИК: колледж улуттук программаларды жана ОшМУнун уставын ишке ашырууну, коом алдыга койгон милдеттерди жана калктын керектөөлөрүн сапаттуу камсыздоону жоопкерчилигине алат.
  • Келечекке багыт: Кыргызстандагы эң мыкты медициналык окуу жайлардын бири болууга умтулуу жана маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу аралыктан медициналык билим берүүнү уюштуруу жана мезгилдин талаптарына жооп берген жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.

Колледждин директору: Арынов Замирбек Сапарбаевич

Илимий даражасы: медицина илимдеринин кандидаты, доцент, жогорку категориядагы хирург

Электрондук почтасы: zarynov@oshsu.kg

Байланыш телефондору: +996 552 995 199

Адистиктер

 

Адистиктин аталышы жана ыйгарылган квалификациясы

Окуу формасы

Окуу мөөнөтү

060101

«Дарылоо иши»

квалификация- «Фельдшер»;

күндүзгү

3 жыл 6 ай

060102

"Акушердик иши» 

квалификация- «Акушер»;

    күндүзгү

2 жыл 10 ай

060110

«Лаборатордук дартты аныктоо”

квалификация- “Лаборатордук техник”

    күндүзгү

2 жыл 10 ай

060106

Ортопедиялык стоматология

квалификация-

«Тиш техниги»

күндүзгү

2 жыл 10 ай

060108

«Фармация»

квалификация- «Фармацевт»;

күндүзгү

2 жыл 10 ай

060109

«Сестралык иши»

квалификация- «Медициналык сестра»

күндүзгү

2 жыл 10 ай

060107

“Профилактикалык стоматология”

квалификация-

«Профилактикалык стоматология»

күндүзгү

2 жыл 10 ай

 

Фото галерея