Илим жана инновация бөлүмү

Илим Илим жана инновация бөлүмү

Илим жана инновация бөлүмү

ОшМУнун илимий-изилдөө бөлүмү  2020-жылдын сентябрь айында окуу жайдын ректорунун №55-ФХД, 18.08.2020-ж. буйругунун негизинде түзүлгөн.  

2021-жылдын 1-февралынан баштап Курбанбаева Нуржамал Нажимидиновна илимий-изилдөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Илимий-изилдөө бөлүмү 2023-жылдын 2-августунан баштап илим жана инновация бөлүмү деп өзгөртүлгөн.

Максаты:

Илим жана инновация бөлүмү приоритеттүү багытта фундаменталдык жана  прикладдык илимдерди өнүктүрүүдө, ошол эле учурда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү.

Коомдо компетенттүү, илимий-чыгармачыл инсандарды калыптандырууга салым кошуу.

 Милдеттери

  •  Бөлүм университеттин Уставына ылайык илимий кызматтык

орундарына ылайык университеттин илимий изилдөөлөрүн жана өнүгүүсүн жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын, жоболордун негизинде иш алып барат.

  • ОшМУнун илим жана инновация бөлүмү профессордук-

окутуучулук курамынын академиялык илимий ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен университеттин ички рейтингин аныктоодо, ошондой эле профессордук-окутуучулук курамынын академиялык илимий ишмердүүлүгүнүн баалоо жана шыктандырууда бир жолку сыйлыктарды кароодо уюштуруу иш-аракеттерин жүргүзөт.

  •   Университеттин илимий потенциалын жогорулатуу максатында

илимий кызматкерлерди, окутуучуларды, магистранттарды жана аспиранттардын илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенциясын калыптандырууга карата илимий семинарларды уюштуруу;

  •   Профессордук-окутуучулук курамын, PhD докторанттарын, магистранттарын жана аспиранттарын стимулдаштыруу аркылуу, илимий-изилдөө иштерине тартуу жана анын натыйжалуугун жогорулатуу;
  •   Республиканын, региондун илимдин приоритеттүү илимдин багыттарына салым кошуучу долбоорлорду кубаттоо жана бул иштерге каржылык колдоо көрсөтүү;
  • Университеттин профессордук-окутуучулук курамы, PhD докторанттар, магистранттар жана аспиранттар тарабынан жүргүзүлүп жаткан илимий-изилдөө иштерин  аткарууга шарттарды түзүү;
  • Университеттин структуралык  бөлүмдөрүндө  илимий изилдөөлөрдү активдештирүү жана алардын  илимий потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү;
  • Коллабрациялуу (дисциплиналар аралык) мүнөздөгү долбоорлорду колдоо жана университеттин кызматкерлери тарабынан аткарылып жаткан биргелешкен илимий изилдөөлөргө көмөктөшүү;
  • Алынган натыйжалардын илимий жыйынтыктарынын жарыялануусуна, илимий – изилдөө иштердин  практикалык жүзөгө ашырылып, өндүрүшкө кийирилүүсүнө жана региондорду өнүктүрүү багытындагы иш аракеттерге колдоо көрсөтүү жана  мүмкүнчүлүк түзүү максатында аткарылып жаткан долбоорлордун иш-аракеттерин уюштурулушун көзөмөлдөөнү жүргүзөт.

Ал эми учурда илим жана инновация бөлүмүндө 132 кызматкер эмгектенет. Алар төмөндөгүлөр:

  • Бөлүмдүн кызматкерлеринин саны -12;
  • КРдин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган долбоордун аткаруучуларынын саны – 10;
  • Ош мамлекеттик университети тарабынан каржыланган долбоордун аткаруучуларынын саны – 110.

Илимий-изилдөө бөлүмүнүн курамы:

Кызматы

Аты-жөнү

Электрондук  дареги

1

Бөлүм башчы

Курбанбаева Нуржамал Нажимидиновна

nkurbanbaeva@oshsu.kg

2

Кеңешчи

Орозбеков Муктар Орозбекович

 

3

Кеңешчи

Орунбаев Сагынбек Жолчуевич

 

4

Башкы илимий кызматкер

Козукулов Тимур Алимбекович

t.kozukulov@ oshsu.kg

5

Жетектөөчү илимий кызматкер

Акматова Аманай Турсунбаевна

amanakmatova@oshsu.kg

6

Улук илимий кызматкер

Боронбаева Айназик Абдыкааровна

boronbaeva72@list.ru

7

Бухгалтер

Тойчиева Бегаим Ташиевна

btashievna@mail.ru

8

Патент жана ойлоп табуу боюнча инженер

Абдусатар кызы Ширинай

skasymova66@gmail.com

9

Адис жана кызматкерлер боюнча инспектор

Токторова Кулпунай Жолдошовна

kulpun79@mail.ru

10

Методист

Суркеева Элнура Калдаровна

surkeeva88@bk.ru

11

Улук лаборант

Вакансия

 

12

Техник

Насиридинова Мадина Чынтемировна

nasiridinovamadina317@ gmail.com

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Фото галерея