Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети

Университет Структуралар Факультеттер Дүйнөлүк тилдер жана маданияттар факультети

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети

Адрес Курманжан Датка көчөсү 250
Телефон (03222) 7-12-18
Факс +996 777 740 002
Веб-сайт http://fwlc.oshsu.kg/
E-mail deanfwlc@oshsu.kg

                                                                                                                                                       

Кесиптик багытка карай жол жогорку окуу жайын тандоодон башталат. Бул тандоо оңой эмес жана өтө жоопкерчиликтүү, анткени бул тандоо келечектин багытын аныктайт.

Ош мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетине кош келиңиздер!!!

70 жылдык тарыхы бар Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети университетибиздин алдыңкы билим берүү борборлорунун бири. Биздин факультет, Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да ийгиликтүү иштеп жаткан миңдеген жогорку квалификациялуу адистерди даярдап келүүдө. Бүгүнкү күндө биздин факультеттин сыймыгы - бул жогорку сапаттагы билим берүү, эл аралык таануу, активдүү илимий-изилдөө иштери, инновациялар, эң күчтүү профессордук-окутуучулук курам. Ошондой эле,  Филологиялык билим берүү жана Лингвистика жаатында илимпоздордун көптүгү факультеттин интеллектуалдык потенциалынын уникалдуулугун тастыктайт.

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде билим алуу -заманбап, убакыт талап кылган билим алуунун ишенимдүү жолу.

Бүгүнкү күндө абитуриент үчүн эң негизгиси - чыныгы келечеги бар окуу жайда окуш керек!

Биз сиздерди Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде күтөбүз. Келечекке коюлган максаттарды чогуу ишке ашырабыз!

Сиздерди терең урматтоо менен "Дүйнөлүк тилдер жана маданият" факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Сагындыкова Рахат Жумабаевна.

Факультетинин миссиясы- билим алууга умтулган жаштардын талабын камсыз кылуу, чет тилдерин жана үйрөнүп жаткан тилдин маданиятын, каада-салтын, ошону менен бирге эл аралык баарлашууну мыкты өздөштүргөн заманбап адистерди, коомчулуктун алдында өз жоопкерчилигин сезе билген инсанды тарбиялап чыгаруу.

    

 

Фото галерея