Өзгөн эл аралык медициналык колледжи

Университет Структуралар Колледждер Өзгөн эл аралык медициналык колледжи

Өзгөн эл аралык медициналык колледжи

Адрес Ош облусу Өзгөн шаары Манас көчөсү 215
Телефон 03233 5-30-44
Факс
Веб-сайт http://umk.oshsu.kg
E-mail ummk@oshsu.kg

ОшМУнун Өзгөн медициналык колледжи медициналык окуу жайы болуп КР Билим берүү министрлиги тарабынан 2000–жылдын 25-июлундагы №09-42256 чечиминин жана ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2000–жылдын 15–январындагы №4 токтомунун негизинде ачылган.

2003-жылы 29-декабрда ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен ОшМУнун алдындагы медициналык окуу жайы деп өзгөртүлүп, өзүнчө статуска ээ болгон.

ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2018-жылдын 25-майындагы №7 протоколу жана ректордун 2018-жылдын 26-майындагы №438 буйругу менен ОшМУнун Өзгөн медициналык колледжинин аталышы ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжи деп өзгөртүлгөн.

Канча замандан бери актуалдуулугун жоготпой келген адамзат үчүн эң керектүү адистин ээси болгуңуз келсе, анда ӨЗГӨН ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНЕ КЕЛИҢИЗ!

КОЛЛЕДЖДИН МИССИЯСЫ: Саламаттыкты сактоо тармагындагы улуттук программаларды жана ОшМУнун стратегиялык милдеттерин аткару менен аймактагы калктын ден соолугун сактоо үчүн орто медициналык адистерди даярдоо.

БААЛУУЛУГУ:  Колледждин негизги баалуулугу-анын кызматкерлери жана студенттери.

ПРИНЦИБИ:

  • Айкындуулук
  • Лидерлик
  • Өнүгүү жана инновация
  • Командалык дух

БИЛИМИ: Билим берүү мекемеси катары колледжде, билим берүү абсолюттук деңгээлде колдонулат. Биз бүгүнкү күн жана келечек үчүн актуалдуу болгон билим берүүнү сактоого, жеткирүүгө жана өнүктүрүүгө умтулабыз!

САПАТЫ: Заман талаптарына жооп берген бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун жогорку сапаты.

ЖООПКЕРЧИЛИГИ:  КРнын Улуттук программаларынын жана ОшМУнун уставын аткарылышын, коом тарабынан жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуулугу үчүн жана керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарын сапаттуу камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик алат.

КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ: Информациялык технологиянын өнүккөн заманында иш берүүчүлөрдүн талабына ылайык келген квалификациялуу адистерди даярдоодо Кыргызстандын түштүк аймагындагы алдынкы медициналык окуу жайлардын бири болуу жана информациялык технологияларды колодонуу менен аралыктан медициналык билим берүүнү уюштуруу.

Коллеждин директору: Станбаев Өзгөнбай Тиллебаевич 

Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоцациясы президенти, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүн отличниги, саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери.

Электрондук дареги: ostanbaev@oshsu.kg   

Байланыш номери:  +996 553 682 986

 

Адистиктер

Адистиктин аталышы

даражасы

Окуу формасы

 Окуу мөөнөтү

1

Акушердик иши

Атайын орто

Күндүзгү

2 жыл 10 ай

2

Медициналык айым иши

Атайын орто

Күндүзгү

2 жыл 10 ай

3

Дарылоо иши

Атайын орто

Күндүзгү

3 жыл 6 ай

4

Профилактикалык стоматология

Атайын орто

Күндүзгү

2 жыл 10 ай

5

Ортопедиялык стоматология

Атайын орто

Күндүзгү

2 жыл 10 ай

6

Фармация

Атайын орто

Күндүзгү

2 жыл 10 ай

7

Физикалык терапевтин жардамчысы

Атайын орто

Күндүзгү

1жыл 10 ай

8

Физикалык терапевтин жардамчысы

Атайын орто

Күндүзгү

9-класстын баскычында

2 жыл 10 ай

 

 

 

 

Фото галерея