Аспирантура жана докторантура бөлүмү

Илим Аспирантура жана докторантура бөлүмү

Аспирантура жана докторантура бөлүмү

Ош мамлекеттик университети – адамзаттын руханий баалуулуктарын сактоого жана байытууга багытталган өзүнүн тарыхый миссиясын аткарууда алдыңкы билимдерди жана маалыматты алууга жана жайылтууга, билим берүү жараянында интеграцияны камсыздоого, фундаменталдык изилдөөлөрдүн жана инновациялык ыкмалардын негизинде коомдун интеллектуалдык элитасын даярдоого багытталган классикалык илимий изилдөөчү университет.

Аспирантура жана докторантура бөлүмү университетте жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо үчүн ректордун 2023-жылдын 9-сентябрындагы №4062-ФХД/23 буйругу менен ачылган түзүм болуп эсептелет.

Анын миссиясы – эл аралык стандарттарга жана заманбап илимдин талаптарына жооп берген, өз алдынча илимий изилдөө жүргүзүүгө жөндөмдүү квалификациялуу изилдөөчүлөрдү түрдүү багыттар боюнча даярдоо.

Аспирантура  жана  докторантура  бөлүмүнүн  ишмердүүлүгүнүн  негизги  максаты – эл аралык  илим  мейкиндигине  интеграциялануу  менен,  ОшМУнун  миссиясына,  стратегиялык максаттарына   ылайык   жогорку   квалификациялуу   илимий   жана   илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо.

Бөлүмдүн милдети – аспиранттарды жана докторанттарды илимге тартуу аркылуу алардын тийиштүү жалпы кесиптик, башкаруучулук, маданий жана социалдык компетенцияларын калыптандыруу, фундаменталдык жана прикладдык тармактардагы илимий изилдөөлөр тууралуу алар менен пикир алмашуу, аларды илимий дискуссияларга катыштыруу, илимий кызматкерлердин өз көз караштарын билдирүү жана коргоо, чет өлкөлүк гранттар менен иштөө жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу.

Окутуу аспирантурада күндүзгү жана сырттан окуу формаларында жүргүзүлсө, ал эми докторантурада күндүзгү формада уюштурулат, ошондой эле дистанттык технологияларды колдонууга дагы жол берилет.

Аспирантуранын билим берүү программасынын узактыгы 3-4 жылды түзөт, ал эми профиль боюнча базалык PhD докторантуранын окуу мөөнөтү 3 жылдан кем эмес болот.

Окутуучулар жана изилдөөчүлөр окуп келүү, кыска жана узак мөөнөттүү илимий изилдөө стажировкалардан жана илимий-педагогикалык практикалардан өтүү үчүн университет кызматташуу келишимдерин түзгөн 310 мамлекеттеги 33 жогорку окуу жайга бара алышат.

Аспирантура жана изденүүчүлүк түзүмү 15 илимий тармактагы 101 адистик боюнча кабыл алат. Учурда 250дөн ашуун аспирант окуп жана илимий изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө. Ал эми докторантура 7 багыт боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

Бөлүм төмөнкүдөй түзүмдөрдөн турат:

- Апирантура

- PhD докторантура

- Изденүүчүлүк түзүмү

Ош мамлекеттик университетинин аспирантура жана докторантура бөлүмү жөнүндөгү жобо

Биздин команда

   Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы:

    Амиралиев Семетей Манасович

    Филология илимдеринин кандидаты, доцент

    Байланыш үчүн маалымат:

    Дарек: А. Борубай уулу көч. 233, №15 корпус, 203-кабинет.

     Телефон: +996 772 457 119

     E-mail: samiraliev@oshsu.kg

   Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башкы адиси:

   Анарбаева Гулжамал Маматовна

   Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент

   Байланыш үчүн маалымат:

   Дарек: Ленин көч. 331, 136-кабинет.

   Телефон: +996 3222 7-07-61, 0779/0559 56 29 29

E-mail: agulzhamal.m@mail.ru

   Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн улук инспектору:

   Асанова Зарипа Асановна

   Байланыш үчүн маалымат:

   Дарек: А. Борубай уулу көч. 233, №15 корпус, 203-кабинет.

   Телефон: +996 559 837 079

    E-mail: zasanova@oshsu.kg

    Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн инспектору:

    Абдаким кызы Акылай

    Байланыш үчүн маалымат:

    Дарек: А. Борубай уулу көч. 233, №15 корпус, 203-кабинет.

    Телефон: +996 701 602 223

     E-mail: abdakimkyzy@mail.ru

    Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн инспектору:

    Молдоташова Турсунай Сооронбековна

    Байланыш үчүн маалымат:

    Дарек: Ленин көч. 331, 136-кабинет.

   Телефон: +996 3222 7-07-61, +996 776 008 689

    E-mail: tmoldotashova@oshsu.kg

 

Фото галерея