Рыспай Абдыкадыров атындагы фонд

Университет Структуралар Борборлор Р.Абдыкадыров атындагы фонду

Рыспай Абдыкадыров атындагы фонд

Ош облустук мамлекеттик администрациясынын 2001-жылдын 4-декабрындагы №2 токтомунун 3-пунктуна ылайык  ОшМУнун ректору Б. Мурзубраимовдун буйругунун негизинде Ош мамлекеттик университетинин алдында "Рыспай Абдыкадыров" атындагы фонд түзүлгөн.

2020-жылы ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинде "Рыспай Абдыкадыров" атындагы үй-музейи ачылып, композитордун колдонгон буюм тайымдары коюлган.

Фондун максаты: залкар обончу жана композитор  Р. Абдыкадыровдун эмгегин даназалоо, жайылтуу, сактоо жана  жаш искусство өкүлдөрүнө,  жаш обончу композиторлорго, таланттуу студенттерге моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү.

2001 жылдын 4-декабрынан 2020-жылдын 21-декабрынан чейин п.и.к профессор Букарбай Иметов төрагалык милдетин аткарган.  ОшМУнун ректору  К. Г. Кожобековдун буйругунун негизинде  фонддун ишмердүүлүгүн улантуу үчүн Эламан Жалалов төрага болуп дайындалган.

Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда  Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген.
Бала кезинен музыкага шыктуу залкар талант  1963-жылы Ош педагогикалык факультетин бүтүргөн.

Өзүнүн эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрында, андан соң Жалал-Абад театрында эмгектенүү менен баштаган. Ошондой эле, ОшМУнун Искусство факультетинде да эмгектенген.
Ошол жерде иштеп жүргөн мезгилде кургак учук оорусуна кабылып, оорусуна байланыштуу борбордогу филармонияга келип иштеп калган.

Өзүнүн аз жашаган өмүрүндө бир топ алп ырларды кийинки муундарга калтырып кеткен инсан 1994-жылы 12-сентябрда көпкө созулган оорудан дүйнө салган.

 

Фото галерея