Профилактория (студенттик дарылоо жана ден соолукту чыңдоо борбору)

Студенттерге Профилактория(студенттик дарылоо жана ден соолукту чыңдоо борбору)

Профилактория (студенттик дарылоо жана ден соолукту чыңдоо борбору)

  • Профилакториянын кызматынан кимдер пайдалана алышат....

ОшМУнун студенттери мындан сырткары Ош шаарындагы башка ЖОЖдордон да кайрылуулардын негизинде студенттер кабыл алынат.

  • Профилакторияда  студент  канча күн эс алат....

Студенттер үчүн бир жылда 1 жолу 20 күн дарыланып, эс алуу укугуна ээ жана акысыз.

  • Студент  профилакторияга жайгашуу үчүн кимге кайрылат...

Профилакторияга жайгашуу үчүн студенттер өздөрү билим алган факультеттеги кесиптик бирликтин төрага, төрайымдарына кайрылышат.

  • Профилакторияга  жайгашуу үчүн  кандай критерийлер каралат...

Кесиптик бирликтин төрага, төрайымдары кайрылган студенттин өздүгүн аныктап, ден соолугу тууралуу маалымкаттын негизинде окуудагы жетишкендигин, коомдук-маданий иш-чараларга катышуусун, үй-бүлөлүк абалын эске алуу менен ОшМУнун кесиптик бирилигине билдирүү менен кайрылат. Ошондой эле алыскы региондордон келип окугандарга, ички жана сырткы мобилдүүлүк боюнча ОшМУга билим алганы келген студенттерге да 20 күн акысыз жайгашуу мүмкүнчүлүктөрү  каралган.

  • Профилакторияда  кандай  шарттар  түзүлгөн....

Эрте мененки тамакка быштак, сыр, жумуртка, сүт, күрүчтөн жасалган жеңил тамактар берилет. Убактысы саат 7ден – 8ге чейин болот.Андан кийин ар бир студент дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, дарсонвал, ингаляция куф, вибромассаж, солюкс, светованна менен дарыланып чыгат.

Түштөнүү саат 12ден 14:00гө чейин уланат. Түшкү тамакка биринчи жана экинчи тамактар, ар кандай жашылчадан даярдалган салаттар берилет. Студенттер бош убактысын сабак окууга, сыналгы көрүү менен, шахмат – шашки жана ар кандай музыкалык аспаптарды ойноо, ден соолукту чындоочу залда машыгуу  менен өткөрүшөт. Ар кандай маданий иш-чараларга катышышат.

Кечки тамак саат 18ден, 19:00гө чейин болот. Андан соң студенттерден дарыгерлер кабар алып, бой-салмагын текшерип, студент профилакторияга келгенге чейин жана келип дарыланып жыйынтык кандай болуп жатканын көзөмөлдөшөт.

  • Дареги

Профилактория ОшМУнун №2 Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин  студенттик  жатаканасынын  2-кабатында жайгашкан.

  • Профилакторияда  бир жылда......

Жылына  400 студент  кабыл алынып, ар бир айда  50 студент даарыланып чыгат.