Билим берүүнүн, изилдөөлөрдүн, инновациялардын сапатын өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландаштыруу департаменти

Университет Структуралар Департаменттер Билим берүүнүн, изилдөөлөрдүн, инновациялардын сапатын өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландаштыруу департаменти

Билим берүүнүн, изилдөөлөрдүн, инновациялардын сапатын өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландаштыруу департаменти

Департаменттин  тарыхы:

ОшМУнун “Билим берүүнүн сапаты” департаменти (ББСД) алгач өз ишин университеттин окуу-информациялык департаментинин курамында бөлүм катары баштаган, аны Жороев Кубаныч жетектеген. Бул бөлүм ББ жана ИМдин №339-буйругуна ылайык (2003-ж.19.05.) 2004-жылы түзүлгөн.
2006-жылдын 9-октябрында ректордун буйругу менен бөлүм департамент аталышына өзгөртүлүп, анын директорлугуна п.и.к., доцент А. Батыралиев дайындалган.
2008-жылдын август айынан департаменттин директору кызматында п.и.к., профессор Мейлихан Алтыбаева жетектеген.
ББСДнын курамына структуралык бөлүмдөрдө, факультеттерде билимдин сапаты боюнча жооптуулары, ОшМУнун карьера борбору жана департамент, университеттин окуу-усулдук кеңеши иш алып барышкан.

Кыргыз Республикасында көп баскычтуу жогорку билим берүү ишке ашырылып, ЖОЖдун бүтүрүүчүсүнө мамлекеттик үлгүдөгү диплом берүү үчүн аккредитация институту мыйзамдуу иштеп баштагандыгына байланыштуу, департаменттин аткарган функциялары бир кыйла кеңейтилген.  КРдин ББ жана ИМдин алдындагы Улуттук Аккредитациялык кеңештин реестринде катталган көз карандысыз агенттиктер менен иш алып баруу зарылдыгы келип чыкты. Департаментке агенттиктердин стандарттарын, аккредитациялык критерийлерин үйрөнүү, аккредитациядан өтүүгө билим берүү программаларын даярдоого кошумча иш чараларды жүзөгө ашыруу милдети коюлду. Ошондуктан ОшМУнун ректорунун буйругу менен (2017-жыл) департаменттин аты “Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты” аталышына өзгөртүлгөн. 2023-жылдын 1-сентябрынан Билим берүүнүн сапаты жана лицензиялоо департаменти болуп иштеп келе жатат.  Учурда департаменттин директору физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Артыкова Жылдыз Абдисаламовна

Департаменттин милдеттери жана функциялары:

АББСД ОшМУда билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган аккредитацияга даярдоо, өздүк баалоо процедураларын уюштуруу жана өткөрүү, билим берүү программаларынын сапатын контролдоо системасынын механизмдерин, параметрлерин жана процедураларын иштеп чыгуу, окуу процессин контролдоо жана мониторинг иш чараларын жүргүзөт.

ББСжЛ. департаментинин  негизги милдеттери:      

ОшМУнун жетекчилиги менен биргеликте университеттин сапат областында саясатын калыптандыруу;

Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын, аккредитациялык көрсөткүчтөрдү жана эл аралык стандарттарды гармонизациялоонун негизинде сапаттын эффективдүү системасын иштеп чыгуу, ишке ашыуу жана колдоо;

ОшМУнун структуралык бөлүмдөрүнүн билим берүүнүн сапатын камсыздоого багытталган иш аракеттерин координациялоо;

Билим берүү ишмердигин индикативдүү көрсөткүчтөрүнө системдүү мониторинг жүргүзүү;

Өздүк баалоо жана аккредитация процедураларын уюштуруу, өткөрүү, отчётторду анализдөө;

Сапатты камсыздоо жана кепилдиги боюнча чет элдик тажрыйбаны үйрөнүү, аны ОшМУда колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо.

ББСжЛ. департаментинин  функциялары:

Окуу процессин коштоочу документациянын сапатына баалоону уюштурат.

Структуралык бөлүмдөргө билим берүү программаларынын сапатын контролдоону жүзөгө ашыруу менен байланышкан маселелер боюнча жардам көрсөтүүнү уюштурат.

Студенттердин билимдерин күндөлүк, аралык жана жыйынтык контролдоонун натыйжаларын анализдөөнү уюштурат.

МА үчүн баалоо каражаттарынын фондунун (БКФ) сапатын жана МАнын жыйынтыктарын анализдейт.

Окутуучулардын ОМКларынын сапатына, предметтик БКФлардын окутуунун натыйжаларына шайкештигине баа берет.

ОшМУнун студенттеринин, окутуучуларынын, кызматчыларынын арасында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери боюнча сурамжылоону (анкетирлөө) даярдайт, уюштурат, өткөрөт жана натыйжаларды анализдейт.

ПО курамдын дисциплиналарды МББСнын талаптарына ылайык окутуу сапатына баа берүү боюнча студенттерди официалдуу анкетирлөөнү өткөрөт.

Бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деңгээлине канаатануусун аныктоо максатында жумуш берүүчүлөрдү жана бүтүрүүчүлөрдү анкетирлөөнү уюштурат.

Билим берүүнүн сапатына тиешелүү маселелер боюнча структуралык бөлүмдөрдө регулярдуу түрдө текшерүүлөрдү жүргүзүүнү, аларды жыйынтыктарына ылайык коррекциялоочу чараларды макулдашууну, алардын аткарылын контролдоону уюштурат, өткөрөт.

Анкетирлөөнүн, текшерүүнүн, мониторингдин жыйынтыктары боюнча статистикалык отчётторду, информациялык-аналитикалык мүнөздөгү материалдарды даярдайт.

Аккредитация маселелери боюнча структуралык бөлүмдөрдүн ишмердигин координациялоо, маалыматтык-методикалык коштоо, контролдоо жана анализдөө иштерин уюштурат, жетектейт.

Аккредитация, өздүк баалоо жана билим берүүнүн сапаты боюнча кеңешмелер, семинарлар, конференциялар уюштурат.

Департаменттин  укуктары:

Өз функцияларын жүзөгө ашырууда төмөнкү укуктарга ээ:

ОшМУнун структуралык бөлүмдөрүнөн университеттин билим берүү программаларынын сапатын контролдоо системасынын иш чараларын жана процедураларын эффективдүү аткаруу үчүн колдоо алып туруу;

структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилеринен департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча маалымат суроо;

департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча сырткы мекеме-уюмдар менен мамилелешүүдө билгиленген тартипте ОшМУнун атынан өкүл болуу;

департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча жетекчиликке анын ишмердигин өркүндөтүү сунуштарын кийирүү;

структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери менен макулдашуу аркылуу алардын кызматчыларын АББСДнын ишине катыштыруу;

департаменттин кызматчыларынын жоопкерчилик даражасы кызматтык инструкциялар аркылуу аныкталат.

Билим берүүнүн сапаты жана лицензиялоо департаментинин директору:

Артыкова Жылдыз Абдисаламовна

Электрондук дареги: artykjyldyz@gmail.com, jartykova@oshsu.kg

Билими: жогорку

Адистиги: математика жана информатика окутуучусу , социалдык сферада менеджер.

Илимий даражасы жана наамы: физика-математика илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти

Байланыш номери: +996773697044 

 

 

Билим берүүнүн сапаты жана лицензиялоо департаментинин  кызматкерлери: 

        Ф.И.О

кызматы

Электрондук почта, телефон

1

Артыкова Жылдыз Абдисаламовна

Департаменттин      директору

jartykova@oshsu.kg

+996773697044 

2

Султанова Кулсара Жумабековна

Аккредитация жана лицензиялоо секторунун башчысы

 

ksultanova@oshsu.kg

+996552672767

3

 Былыкова Махабат Максатовна

Сапат менеджменти секторунун башчысы

tynai020273@mail.ru

 

+996558242322

4

 Атакулов Суйунали Ташболотович

Улук инспектор

atakulovgeo@mail.ru

+996555079795

5

Бакирова Шайыргул Орозалиевна

Улук инспектор

shbakirova1980@mail.ru

+996550328562

 

6

Жумабаева Динара Сапарбаевна

Методист (координатор)

dzumabaeva533@gmail.com

+996773124376

7

Болотахунова Гулзат Жолдошбековна

Башкы адис

+996557757938

8

 Тойчуева Жылдыз Ракманбековна

Башкы адис

+996770404008

9

 Жусупова Азизакан Абдыманаповна

Адис

jusupova_aziza84@mail.ru

+996551812210

10

 Омурзакова Гульшаана Адылбековна

Адис

omurzakovagulshaana@gmail.ru

+996551059051

11

 Нурмаматова  Мейликан Тагайбековна

Инспектор

nurmamatova2019@gmail.com

+996772077000

12

Жаанбаева Азиза

Инспектор

zizalkgf@gmail.com

996778147510

13

Бакыт кызы Садагул

Инспектор

sadagulbakytkyzy14@gmail.com

+996557032609

 

ОТЧЕТ О РЕЗУЛЬТАТАХ САМООЦЕНКИ ОШГУ

ОТЧЕТ ПО САМООЦЕНКЕ ОБРАЗОВАТЕЛЬНОЙ ПРОГРАММЕ

Ош мамлекеттик университетинин билим берүүнүн сапаты областындагы саясаты

Ош мамлекеттик университетинин билим берүүнүн сапаты областындагы саясаты

ОшМУда аакредитациядан өткөн ББПлар

ОшМУ Сапат менеджменти системасы.Сапат боюнча жетектеме

2022-2023 окуу жылындагы көз карандысыз аккредитациялык агенттиктер аркылуу аккредитациядан өтүүчү билим берүү программаларынын тизмеси