Эл аралык байланыштар департаменти

Университет Структуралар Департаменттер Эл аралык байланыштар департаменти

Эл аралык байланыштар департаменти

 

Эл аралык байланыштар департаменти (ЭАБД) – Ош мамлекеттик университетинин тышкы жана ички алакаларын тескеген түзүм. Ал 1996-жылы октябрь айында ачылып, бүгүнкү күнгө чейин университеттин дипломатиялык саясатын жүргүзүп келүүдө. Чет өлкөлүк жана ата мекендик ЖОЖдор, эл аралык уюмдар, программалар, фонддор, өкүлчүлүктөр менен мамиле түзүү жана кызматташтык горизонтту кеңейтүү анын негизги милдети болуп саналат. 

ОшМУнун эл аралык байланыштарын: А. Жороев (1996), А. Шериев (1997-2000), А. Асанов, А. Сайипбекова (2000-2006), Ж. Акназарова (2006-2009), Ш. Мараш-Оглы (2006), Т. Жоробеков (2009, 2011), Ы. Ташполотов (2010), Т. Жумабаева (2011), С. Калыгулова (2011), Э. Каракозуева (2012), Н. Шеранова  (2014-2016), Э. Камалов (2016), Р. Арапбаев (2016-2017), С. Амиралиев (2017-2020) башкарып келишсе, 2020-жылдын октябрь айынан баштап А. Абдувалиев жетектеп келүүдө. Бул структура кээ бир учурда бөлүм катары эл аралык байланыштар боюнча проректордун жетекчилиги астында иш жүргүзүп келсе, айрым мезгилдерде өзүнчө департамент катары аныкталып, директорлор башында турган. 

Учурда ЭАБДнын директору болуп, ф.-м.и.к., доцент А.О. Абдувалиев эмгектенүүдө. Департаментке эки түзүм кирет: академиялык мобилдүүлүк бөлүмү (башчысы – С.М. Амиралиев) жана эл аралык долбоорлор жана байланыштар боюнча бөлүм.

ЭАБДнын ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери төмөнкүлөр:

- Эл аралык билим берүү мекемелери менен ОшМУнун мамилелерин өнүктүрүү, байланышын күчөтүү.

- Чет өлкөлүк жана ата мекендик ЖОЖдор менен академиялык мобилдүүлүк жүргүзүү, илимий сапарларды, стажировкаларды, жайкы мектептерди уюштуруу.

- Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине университеттин структураларынын камыр-жумур аралашуусуна көмөктөшүү.

- Өнөктөш ЖОЖдор менен эл аралык, маданий, спорттук иш-чараларды биргеликте өткөрүү.

- Эл аралык долбоорлор, программалар менен иш алып барып, университетке инвестиция тартуу, гранттарды алууга жетишүү.

Департаменттин дареги, байланыш телефону, сайты жана электрондук дареги: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин көчөсү, Кыргыз-европа факультети, 203-каана,  +996 (3222) 7 09 97, сайт: iro.oshsu.kg, e-mail: iro.oshsu@oshsu.kg, oshsu.oms@gmail.com. Эл аралык байланыштар департаментине күн сайын ОшМУда окуган жүздөгөн студенттер келип турат жана билим берүү программалары боюнча консультацияларды, академиялык мобилдүүлүккө карата түрдүү суроолоруна жоопторду алышат. Аларга адамгерчилик менен сылык мамиле жасоо – ЭАБДнын кызматкерлеринин башкы милдети.

 

Эл аралык байланыштар департаменти – директору Абдувалиев Абдыганы Осмонович

Эл аралык долбоорлор жана байланыштар бөлүмү

1

Далбаев Канат

Адис

Специалист

 

2

Жанибекова Нуржан

Адис

Специалист

Академиялык мобилдүүлүк бөлүмү

1

Амиралиев Семетей

Бөлүм башчы,

Заведующий отделом

 

2

Мурзаева Назира

Адис

Специалист

 

3

Мадамбекова Жылдыз

Адис

Специалист

 

Фото галерея