«Зирек» башталгыч билим берүү борбору

Университет Структуралар Лицейлер жана гимназиялар "Зирек" башталгыч билим берүү борбору

«Зирек» башталгыч билим берүү борбору

 «Зирек» башталгыч билим берүү борбору 2013-жылдын ноябрь айында ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаковдун демилгеси, “Р.Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фондунун негиздөөчүсү, КРнын экс-президенти Р.Отунбаеванын колдоосу менен университеттин Окумуштуулар Кеңешинин 20.09.2013-ж. №1 токтомунун негизинде  «Зирек» мектепке чейинки билим берүү борбор-бала бакчасы болуп ачылган.

2017-2018 – окуу жылынын 29-декабрында  ректор К.А.Исаковдун №1503 буйругу менен бала бакча толугу менен жабылып, 2018-жылдын 4-январынан ОшМУнун “Ыйман” гимназиясынын алдында “Зирек” башталгыч билим берүү борбору деп түзүлгон.

        “Зирек” башталгыч билим берүү борборунун негизги миссиясы: таалим-тарбия берүүдө улуттук тарбия менен окутуунун заманбап технологияларын айкалыштыруу аркылуу балдарга  мыкты таалим-тарбия берүү.

Максаты: КРнын мамлекеттик стандартынын негизинде окутуу менен балдарды эркин ой жүгүртүүгө,  өз оюн кеңири айта билүүгө үйрөтүү; тилдик жана математикалык элементардык билим, билгичтик, көндүмдөрүн калыптандыруу; окууга болгон кызыгуусун арттыруу;  жекече шыгын, талантын, чыгармачылык жөндөмүн ачуу үчүн керектүү шарттарды түзүү; балдарды тарбиялоодо ата-энелердин ролун жогорулатуу.

Мектепте билим берүү  жана  тарбиялоо чөйрөсүндө негизги үч принцип колдонулат.  Алар:

1. Окуучунун таанып билүүсүн өнүктүрүү;

2. Сабаттуулукка үйрөтүү;

3. Окуучулардын табият тартуулаган жөндөм-шыктарын өстүрүү.

“Зирек” башталгыч билим берүү борборунун жетекчилиги

Аты-жөнү

кызматы

Электрондук дареги

Тел.номери

1

Примбердиева Гулмайрам

директор

zirekrabota@mail.ru

0550 102 276

 

2

Калыкова Назира

Окуу-тарб. иш. боюнча дир.орун басары

Kalukovanazka@mail.com

0773296635

3

Матиева Клара

Профком

 

0558626962

4

Молдалиева Гульнара

Окуу-усул. бирикменин жетекчиси

gulnaramoldalieva69@gmail.com

0776528809

5

Кудайкулова Жазгуль

соцпедагог

ge4miw@list.ru

0705006563