| Адрес | Ош шаары, Алымбек датка көчөсү, 331 |
| Телефон | +996 772499996 |
| Факс | |
| Веб-сайт | https://mftit.oshsu.kg/ |
| imftit@oshsu.kg |
Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларына,2023-жылдын 16-феврвлында КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин №556/1 буйругу менен бекитилген «Ош мамлекеттик университети» мекемесинин уставынын негизинде жана 2024-жылдын 1-мартындагы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин №6 протоколунун чечими менен «Физика-техника» жана «Математика жана информациялык технологиялар» факультеттеринин базаларында, аларды бириктирүү менен Ош мамлекеттик университетинин ретору, профессор К.Г. Кожобековдун 2024-жылдын 4-мартындагы № 976-ФХД/24 буйругуна ылайык ОшМУнун алдындагы «Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту» түзүлүп, Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту Ош мамлекеттик университетинин алдында өз алдынча структура катары алгачкы ишин баштаган.Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор К.Г. Кожобековдун № 1003-ФХД/24 2024-жылдын 4-мартындагы № 1003-ФХД/24 буйругуна ылайык ОшМУнун алдындагы «Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар» институтунун директору кызмат ордуна Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент Азимов Бектур Абдырахманович дайындалды.
Азыркы учурда математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда илимий-изилдөө иштери төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:
01.01.02 – дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу;
01.01.04 – геометрия жана топология;
01.01.06 – алгебра жана математикалык логика;
01.01.03 – математикалык физика;
05.13.06 – эсептөө техникасынын, математикалык моделдештирүүнүн жана математикалык методдордун илимий изилдөөлөрдө колдонулушу;
01.04.07 – конденсирленген абалдардын физикасы;
05.17.06 – композиттерди жана полимерлерди кайра иштетүү жана технологиялары;
05.14.08 – кайра жаралуучу энергия булактарынын негизиндеги энергия орнотмолору;
13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (математика, физика, информатика жана билим берүүнүн маалыматташтыруу).
Институтунун илимий-изилдөө багыттарынын алкагында институттун профессордук-окутуучулук курамы, изденүүчүлөр, аспиранттар, докторанттар, магистранттар жана студенттер илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, бир топ долбоорлордун үстүндө иштеп келишет.
Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда 11 илимдин доктору, 52 илимдин кандидаты эмгектенип, институттун жалпы сапаттык көрсөткүчү 44% түзөт.
19 акыркы модельдеги компьютерлер менен жабдылган мультимедиялык кааналар;
6 электрорадиотехникалык лабораториялык кааналар;
21 лекциялык кааналар;
2 заманбап окуу-конференциялык залдары;
1 чон актылык зал;
12 смарт электрондук доскалар;
4 даана 3D принтерлер;
1 лазердик станок;
Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун базасында «Санарип Эра» программистер компаниясы жана «Кадам» анимацялык студиясы иштеп жатат.
Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун профессордук-окутуучулук курамы Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайджан, Түркия, Италия, Испания, Венгрия, ж.б. чет өлкөлөрдө болушуп, квалификацияларын жогорулатып келишет.
Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун студенттери жана магистранттары академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу Өзбекистан, Казакстан, Россия, Түркия, Испания, Венгрия, Кытай мамлекеттеринде окуп келишет.
МФТИТ институтунун директору : Азимов Бектур Абдырахманович
Байланыш номери: +996772499996
Электрондук дареги: azimov@oshsu.kg
Илимий даражасы : ф.-м.и. кандидаты , доцент