Кыргыз-Кытай  факультети

Университет Структуралар Факультеттер Кыргыз-Кытай факультети

Кыргыз-Кытай  факультети

Адрес Ош шаары, Ысакбек Монуева көчөсү 35 А.
Телефон +996 552 767 631
Факс
Веб-сайт http://kkf.oshsu.kg
E-mail oshmukkf@gmail.com

                       

Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институту Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы достук жана билим берүү жаатындагы мамилени чыңдоо максатында Бээжиндеги Конфуций институттарынын башкы башкармалыгы (кытай тилин жана маданиятын жайылтуунун Мамлекеттик канцеляриясы) менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде  (23.01.2013ж.)  ачылган.

Институттун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу үчүн ОшМУ менен Синьцзян Педагогикалык Университетинин ортосунда Конфуций Институтун ачуу боюнча атайын келишим түзүлгөн (1.02.2013ж.).

Жогоруда айтылган келишимдердин негизинде ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен ОшМУнун алдындагы Конфуций Институтун түзүү жана анын Уставын бекитүү чечими кабыл алынган. (ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин  № 5- отуруму 20.02.2013-ж.).

2016-жылдан баштап, Конфуций институту эл аралык программаларды ишке ашыруу менен алектенүүчү структура катары каралып, окуу процессин толук кандуу уюштуруу, сапатын жакшыртуу максатында жана студенттердин контингентинин көбөйгөндүгүнө байланыштуу ОшМУнун Уставынын 1.15 жана 2.3 пункттарынын  негизинде Кыргыз-Кытай факультети болуп кайрадан түзүлөт.

Факультеттин миссиясы – Кытай Эл Республикасы менен ар тараптуу үзгүлтүксүз кызматташуу менен академиялык мобилдүүлүктү камсыз кылуу аркылуу чет тилдеринде жогорку деңгээлде сүйлөгөн, жаңыча көз караштагы ой жүгүрткөн, социалдык жоопкерчиликти сезе алган, жогорку этикалык жана моралдык сапаттарга ээ болгон, динамикалык жактан тынымсыз өзгөрүп турган дүйнөдө өз алдынча туура чечим чыгара алган, улуттук кызыкчылыктарды жана баалуулуктарды биринчи орунга койгон кадрларды даярдоо.

Факультеттин максаты –Заманбап билим берүү чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөрдүн жана атаандаштыктын талаптарына жооп бере турган, чет жактан жогорку даражада билим алып, квалификациясын жогорулатып келген, илимий изилдөө иштери менен тынымсыз алектенген компетенттүү кадрлардын билим берүүсү менен кытай тилин, маданиятын, экономикасын, саясатын ар тараптан билимин жогорулатуу менен мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошкон мыкты адистерди даярдоо.

Факультеттин милдети – заманбап билим берүү системасында ийкемдүү мамиле жасоо аркылуу билим берүүнүн жогорку сапатты камсыз кылуу, ички жана тышкы кызыкдар тараптар менен тыгыз байланышта иштешип, анын жыйынтыгына анализ жана мониторинг жүргүзүү, өзүн-өзү баалоо жана адилет башкаруу жолу аркылуу программаларды оптималдаштыруу;

- студенттер менен окутуучулардын илимий-изилдөө иштерине көбүрөөк көңүл буруу, коомдук жана өндүрүштүк иш-чараларга активдүү катыштыруу,  эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнашты, мамилелерди жаңы нукка буруу;

- ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультети менен КЭРдин ЖОЖдорунун ортосундагы кол коюлган ар тараптуу кызматташуу жана достук келищимдерине таянып, институттун эсебинен кошумча билим берүү кызматтарын, академиялык мобилдүүлүктү өңүктүрүү жана заманбап коомдогу конкуренцияга туруштук бере ала турган билим берүү программаларын ачуу.

Адистиктер

Адистиктин аталышы

даражасы

Окуу формасы

 Окуу мөөнөтү

1

Лингвистика

Котормо жана котормо таануу

бакалавриат

Күндүзгү

4  жыл

магистратура

Күндүзгү

2 жыл

2

Кытай таануу

бакалавриат

Күндүзгү

4 жыл

магистратура

Күндүзгү

2 жыл

3

Филология

бакалавриат

күндүзгү

4 жыл

 

 

Фото галерея