Нанотехнология жана жасалма интеллект институту

Университет Структуралар Институттар Нанотехнология жана жасалма интеллект институту

Нанотехнология жана жасалма интеллект институту

Н.Исанов атындагы Нанотехнология жана жасалма интеллект илим-изилдөө институту ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 22-июнундагы чечиминин негизинде ректордун буйругу менен түзүлгөн.

Институт илим-изилдөө, билим берүү, долбоорлоо жана өндүрүштүк-коммерциялык ишмердикти нанотехнология жана жасалма интеллект тармактарында жүргүзгөн университеттин структуралык бөлүмү болуп саналат.

Коюлган максатты ишке ашыруу максатында Институт төмөнкү милдеттерди аткарат:

  • колдонмо жана издөөчүлүк илимий изилдөөлөр жаатында КР экономикасынын реалдуу секторун өнүктүрүүнү илимий камсыздоо;
  • экологиялык коопсуздуктун аспекттерин эске алуу менен практикалык максаттарга жетүү жана конкреттүү милдеттерди чечүү үчүн нанотехнология жана жасалма интеллект жаатындагы жаңы билимдерди колдонууга багытталган изилдөөлөр;
  •  илим, билим берүү жана өндүрүштүк иштин биримдигин жана өз ара байланышын камсыз кылуу;
  • Өлкөнүн улуттук экономикасынын артыкчылыктуу милдеттерин чечүү үчүн институттун (университеттин) илимий потенциалын натыйжалуу пайдалануу;
  •  Республиканын рыногуна жана дүйнөлүк рынокко багытталган илимий продукцияны жана атаандаштыкка жөндөмдүү технологияларды түзүү максатында нанотехнологиялар жана жасалма интеллект жаатындагы инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү;
  • нанотехнологиялар жана жасалма интеллект жаатындагы илимди бекемдөөнүн жана өнүктүрүүнүн негизи катары изилдөөчүлөрдүн жана иштеп чыгуучулардын интеллектуалдык менчигин жана автордук укуктарын коргоо үчүн шарттарды түзүү;
  • илим жана билим берүүнүн дүйнөлүк системасына кирүү жана илимий продукцияны биргелешип иштеп чыгуу максатында чет өлкөлөрдүн окуу жайлары, илимий борборлору жана фирмалары менен эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүү;
  • жаңы технологияларды, заманбап түзүлүштөрдү жана приборлорду киргизүү менен ведомстволук жана региондук концепцияларды, стратегияларды, программаларды жана механизмдерди иштеп чыгууда мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү.

Нанотехнология жана Жасалма Интеллект Институтунун миссиясы – наноматериалдар, наносистемалар жана жасалма интеллект технологиялары боюнча алдыңкы илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу жана аларды экономикага, билим берүү тармагына жана социалдык чөйрөгө эффективдүү интеграциялоо аркылуу өлкөнүн технологиялык өнүгүшүнө туруктуу салым кошуу.

Нанотехнология жана Жасалма Интеллект Институтунун максаттары

  • Илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү наноматериалдар жана наноструктураларды изилдөө;
  • композиттик материалдарды изилдөөдө жасалма интеллекттин моделдерин жана алгоритмдерин колдонуу
  • дебаланстык термелүүчү машина же мобилдүү роботтордун математикалык моделин изилдөөдө жасалма интеллекти колдонуу.
  • Инновациялык технологияларды жаратуу жана коммерциялаштыруу
    өндүрүш үчүн натыйжалуу технологияларды иштеп чыгуу;
  • өндүрүмдүүлүктү жогорулатуучу жана чыгымды азайтуучу композиттик материалдардагы AI+Nano чечимдерди рынокко чыгаруу;
  • патенттерди, прототиптерди жана пилоттук долбоорлорду түзүү.
  • Билим берүү жана кадрларды даярдоо -нанотехнология жана жасалма интеллект багытында адистерди окутуу;
  • 510200 “Колдонмо математика жана информатика” билим берүү багытындагы магистратура жана PhD докторантура денгээлдеринин программаларын колдоо;
  • нанотехнология жана жасалма интеллект багытында докторанттар, магисттранттар жана студенттер үчүн лабораториялык практика жана долбоордук иштерди уюштуруу.
  • Эл аралык жана өлкө ичиндеги кызматташуу
    университеттер, технопарктар, R&D борборлор жана бизнес түзүмдөр менен өнөктөштүк түзүү;
  • эл аралык долбоорлорго жана гранттарга активдүү катышуу.
  • Коомдук жана улуттук өнүгүүгө салым кошуу
    илимий-методикалык сунуштарды иштеп чыгуу;
  • стабилдүү жана экологиялык таза технологияларды жайылтуу;
    санариптик трансформацияга көмөк көрсөтүү жана технологиялык коопсуздукту бекемдөө.