Экономика, бизнес жана менеджмент институту

Университет Структуралар Институттар Экономика, бизнес жана менеджмент институту

Экономика, бизнес жана менеджмент институту

Адрес Ош шаары А. Масалиев проспектиси 80
Телефон 0(3222) 4-57-39
Факс
Веб-сайт http://bim.oshsu.kg/
E-mail israilov_tima@mail.ru, israilov@oshsu.kg

Адамзаттын жашоосундагы туруктуу өнүгүүсү үчүн потенциалдуу өз ишин мыкты билген, жашоого реалдуу баа берип, келечекти көрө билген адистерди даярдоо – биздин милдет, бүгүнкү экономикабыз алсырап тургандагы муктаждык.

Дүйнөдөгү экономикалык абалдын тездик менен өзгөрүп өнүгүүсү, Кыргызстандын алардын арасында татыктуу жашап кетүүсү үчүн экономикалык жана башкаруучулук билим-жөндөмдөрүнө ээ адистерди даярдоо муктаждыгы артып бара жаткандыгы шексиз. Заманбап экономикалык билим берүүнүн милдети - жаш акыл-эстүү экономикалык жана башкаруучулук билими жана жөндөмү бар адистерди тарбиялоо жана аларды ыймандуу, тартиптүү, командада иштей алган жөндөмүн да калыптандыруу. Ошол себептен, ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институту дүйнөлүк стандарттарга жооп берген экономика жана менеджмент багытында өз ишин эң мыкты билген адистерди даярдоону максат кылган жана ишке ашырып келет.

Экономика, бизнес жана менеджмент институту 6 негизги багыттагы коомго зарыл болгон адистерди даярдап, Ош мамлекеттик университетинин, жалпы эле Кыргызстандын эң алдыңкыларынан болуп, инновациялык жана интеграциялык процесстердин таралуусуна чоң салымын кошуп келет. Институту 2012-жылы, 2018-жылы жана 2023-жылы эл аралык аккредитациядан өтүүсү дагы буга далил боло алат жана биз берген билим эл аралык стандарттарга толук жооп берээрин тастыктайт.

Институтубуз өзүнүн профессионал окутуучулук курамына таянып, эл аралык байланыштарынын бекемдигин жана ички жана сырткы мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен мекенибиз Кыргызстанды өнүгүүсүнө зор салым кошооруна ишенебиз.

Эл-аралык жана ички ЖОЖдор менен болгон байланыштары

Экономика, бизнес жана менеджмент институту бүгүнкү күндө төмөндөгү чет өлкөлүк ЖОЖдор менен кызматашуусун улантып келүүдө:

  1. Л. Н. Гумилев атындагы Евразия Улуттук Университети
  2. Санкт-Петербург мамлекетик университети
  3. Урал мамлекеттик экономикалык университети
  4. Дизайн жана өнөр-жай технологиялары Санкт-Петербург мамлекетик университети
  5. Новосибирск мамлекеттик агрардык университети
  6. Фергана политехникалык институту
  7. Кадис университети (Испания)
  8. Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университети
  9. Ташкент мамлекеттик экономикалык университети
  10. Андижон мамлекеттик университети
  11. Фергана мамлекеттик университети
  12. Казакстан улуттук агрардык университети
  13. Оренбург мамлекеттик университети
  14. Кастамону университети (Туркия)

Экономика, бизнес жана менеджмент институту бүгүнкү күндө төмөндөгү ички ЖОЖдор менен кызматташуусун үзгүлтүксүз улантууда:

  1. Ош технологиялык университети
  2. Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети
  3. Нарын мамлекеттик университети
  4. Жалал-Абад мамлекеттик университети
  5. К. Токтомаматов атындагы Эл аралык университети
  6. Баткен мамлекеттик университети
  7. Ж. Абдрахманов атындагы Кыргыз республикасынын президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы
  8. К. Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университети
  9. М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети
  10. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
  11. Бишкек гуманитардык университети
  12. Кыргыз-Турк «Манас» университети
  13. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
  14. И.Арабаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
  15. Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университети

Илимий изилдөө ишмердүүлүгү

Факультеттин илимий темасы “Санариптештирүү шартында региондун бизнес чөйрөсүндөгү экономика-математикалык көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору”

Дареги

А. Масалиев проспектиси 80

Web cайты

http://bim.oshsu.kg/

Facebook баракчасынын ссылкасы

https://m.facebook.com/bimosukg/?_rdr

Instagram баракчасынын ссылкасы

https://www.instagram.com/oshmu_ebjmi_?igsh=a3V2NWdzNWZ2c2c%3D&utm_source=qr

YouTube каналынын ссылкасы

https://www.youtube.com/@EBjMI

Байланышуу үчүн телефон номерлери

0(3222) 4-57-39 

Электрондук дареги

israilov_tima@mail.ru, israilov@oshsu.kg

Институттун ПРОМО РОЛИГИ