Курулуш колледжи 1965-жылы ачылган. Окуу жай өзүнүн 60 жылдык тарыхында курулуш багытындагы мыкты адистерди тарбиялап чыгарды. Азыркы убакта курулуш тармагын өнүктүрүү абдан маанилүү жана замандын талабы. Анткени цивилизациянын өнүгүшү, өсүп жаткан калктын турак жайга болгон суроо талабы, дагы да көп куруучу адистерди даярдоону талап кылууда. Бүгүнкү күндө кесипкөй куруучуларды даярдоо менен курулуш колледжи өлкөнүн курулуш тармагына зор салым кошуп келүүдө. Андан сырткары Кыргызстандын курулуш тармагын жакшыртып, жаңы заман талабына ылайык имараттарды куруу жана монтаждоо азыркы куруучулардын милдети. Кылым курулуштарын куруп, өлкөнүн курулуш тармагын эл аралык деңгээлге чыгаруу келечектеги жаш куруучулардын колунда турат.
Биздин кесиптик билим менен, келечекке чоң ишеним арта аласыз. Эгер сиз курулуш тармагынын дасыккан адиси болгуңуз келсе, биздин курулуш колледжине келиңиз. Келечегиңизди биз менен куруңуз.
Колледждин миссиясы : Өлкөнүн курулуш тармагына салым кошуп өнүктүрүү менен бирге, атаандаштыкка жөндөмдүү орто звенонун адистерин даярдап, заман талабына ылайык жаңы технологиялар менен сапаттуу кесиптик орто билим берүү.
Баалуулугу : Колледждин негизги баалуулугу – анын кесипкөй мугалимдери, кызматкерлери жана студенттери.
Билими : Билим берүү мекемеси катары окуу жайда билим берүү абсолюттук деңгээлде колдонулат. Биз курулуш колледжи заман талабына ылайык жаңы технологиялар менен иштей алган адистерди даярдайбыз. Ошондой эле эң актуалдуу билим берүүнү үйрөтүүгө, жеткирүүгө жана өнүктүрүүгө аракеттенет.
Сапаты : Эмгек рыногунун суроо-талабына жооп берген адистерди окутуп даярдоонун жогорку сапаты.
Жоопкерчилиги : Курулуш колледжи мамлекет тарабынан коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарууга , КРнын улуттук программаларын ишке ашырууга, коом тарабынан жүктөлгөн милдеттердн натыйжалуулугу үчүн жана керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарын сапаттуу камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик алат.
Келечекке карай : Курулуш колледжи алдыдагы жылдарга карата Кыргызстандын курулуш тармагын өнүктүрүүгө, реформалоого ошондой эле эмгек рыногунун суроо-талаптарына жооп берген курулуш адистерин жаңы методикалар жана заманбап технологиялар меенен окутуунун үстүндө тыгыз иш алып барат. Андан сырткары орто окуу жайлардын рейтингинде алдыңкы орундарды камсыз кылат.
|
№ |
Адистиктин аталышы |
Даражасы |
Окуу форматы |
Окуу мөөнөтү |
|
1 |
Архитектура
|
Орто кесиптик |
кундузгү |
9/11 база 3жыл 6ай |
|
2 |
Имараттарды куруу жана эксплуатациялоо |
Орто кесиптик |
кундузгү |
9/11 база 3жыл |
|
3 |
Сантехника
|
Орто кесиптик |
кундузгү |
9/11 база 3жыл |
|
4 |
ДАС
|
Орто кесиптик |
кундузгү |
9/11 база 3жыл |
Колледждин директору:Чомоев Нурлан Көчкөнбаевич.
Электрондук дареги:n-chomoev@mail.ru