Студенттик акыйкатчы аппараты

Студенттерге Студенттик акыйкатчы аппараты

Студенттик акыйкатчы аппараты

ОшМУнун акыйкатчы аппараты өзүнүн ишмердигин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, КРдин Акыйкатчы жөнүндөгү жобосуна, Эл аралык «Адам укугун жана эркиндиктерин коргоо» декларациясына, КРдин жаштар саясатынын концепциясынын негиздерине, Билим берүү жөнүндөгү мыйзамына, ОшМУнун Уставына жана ОшМУнун акыйкатчы аппараты жөнүндөгү жобого ылайык жүргүзөт.

Максаты:

- ОшМУнун студенттеринин конституциялык, академиялык укуктарын жана эркиндиктеринин сакталышын камсыз кылуу;

- Студенттерди укуктук жактан агартуу;

- Мыйзамды, ички тартип эрежелерин так сактоого жана аткарууга тарбиялоо;

- Университетте укуктук мониторинг жүргүзүү;

- ОшМУда билим берүү процессинин өнүгүүсүнө жардам берүү;

- Сессия мезгилинде коррупциялык тобокелчиликтерди алын алуу, ага бөгөт коюу ж.б

Университеттин акыйкатчы аппараты өз командасы менен биргеликте студенттердин кесиптик билим алуусуна, интеллектуалдык деңгээлин өстүрүүгө, студенттердин укуктук маалымдуулугун жогорулатууга, университеттин ички тартип эрежелеринин талаптарынын аткарылышын камсыздоого багытталган бир нече иш чараларды, тегерек столдорду, жолугушууларды, конкурстарды уюштурду.

Сынак сессиялардын талаптагыдай өтүлүүсүн камсыздоо, сессия учурунда терс көрүнүштөрдүн жол берилишин алдын алуу максатында сайттагы ишеним кутучасына, ишеним телефонуна, акыйкатчынын электрондук дарегине жана вотсап номерине келген билдирүүлөргө, каттарга өз убагында жооп берип, тиешелүү тараптарга кызматтык билдирүүлөрдү жолдоп, көйгөйлөрдү жетекчиликке өз убагында билдирүү жана көйгөйдү чечүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүздү. Андан сырткары сессиянын жүрүшүнө, университеттин аймагындагы ашканалардын санитардык-гигиеналык абалына, тамак-аштардын сапатына жана баасына, жатаканадагы студенттер үчүн түзүлгөн шарттардын абалына мониторинг жүргүзүү максатында студенттерден онлайн анкеталарды алуу иштери акыйкатчы жана анын командасы тарабынан аткарылды.

Чечимдерди кабыл алууда студенттердин кызыкчылыктарын коргоо, пикирлерин эске алуу, адекваттуу, реалдуу сунуштарды иштеп чыгуу максатында университетте өткөрүлгөн түрдүү конкурстардын уюштуруу тобуна жана атайын комиссиялардын курамдарына ОшМУнун акыйкатчысы жана анын мүчөлөрү киргизилет.

Акыйкатчы жана анын мүчөлөрү төмөнкү комиссияларда иштеп беришет:

  • Айрым категориядагы студенттерге контракттык төлөмдөрдөн жеңилдик берүү;
  • Коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу жана бөгөт коюу;
  • Атуулдук стипендиянын стипендиаттарын аныктоо;
  • Президенттик стипендиянын талапкерлерин аныктоо;
  • ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин стипендиаттарын аныктоо;
  • “Жылдын мыктылары” конкурсунун жыйынтыгын чыгаруу;
  • ОшМУнун аймагында жайгашкан ашканалардын ишмердигине мониторинг жүргүзүү;
  • ОшМУнун жатаканаларында түзүлгөн шарттар жана алардын ишмердигине мониторинг;
  • Институттарда, факультеттерде жана колледждерде куратордук сааттардын өтүлүшүн көзөмөлдөө.