Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар Консалтинг Борбору

Университет Структуралар Борборлор Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар Консалтинг Борбору

Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар Консалтинг Борбору

ОшМУнун ректорунун буйругуна ылайык өлкө президенти Садыр Жапаров тарабынан жарыяланган жергиликтүү жамааттар менен биргеликте “Жашыл мурас”, “Тоо экосистемаларын сактоо жана климаттык туруктуулук” жөнүндөгү программаларын реалдуу ишке ашыруу максатында Ош мамлекеттик университетинин алдында “Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар Консалтинг Борбору” түзүлгөн.

Борбор төмөндөгү максаттарды ишке ашырат:

  • экологиялык илимий долбоорлорду иштеп чыгуу
  • долбоорлорду  практикада ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдар менен байланыш түзүп карржылоо булактарын жана донорлорду табуу
  • долбоорлорду координациялоо жана коммерциялаштыруу
  • аймактардагы, айрыкча тоо калкынын түрдүү катмарынын арасында экологиялык агартуучулук ишмердиги менен катар экологиялык илимий изилдөө иштерин да жүргүзүү

ТооЭкоКонсалтинг борбору түрдүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, долбоорлорду аткаруу иштеринде ОшМУнун жана Ош шаарындагы ЖОЖдордо биология, химия, география, айыл жана токой чарбалары, геодезия, геоэкология, медицина, экономика, социалдык иштер, педагогика, дүйнөлүк тилдер жана маданият, эл аралык мамиле, тарых, юриспруденция, психология ж.б. багыттарында эмгектенген алдыңкы окумуштуу-изилдөөчүлөрдү жана практик-адистерди камтыйт. 

Түзүлгөндөн бери ТооЭкоКонсалтинг Борбору өнөктөштөр менен  биргеликте төмөнкү экологиялык долбоорлорду аткарууга жетишти:

- “Курбу-Таш токой” (2019-2024-ж.ж.) – Жеке салымдар, ОшМУ, Жалпак-Таш айыл өкмөтү, КРнын ӨКМ, Ага Хан фонду жана USAID уюму тарабынан каржыланган.

- “Жер көчкүлөрдөн деградацияланган топурак катмарын калыбына келтирүү: Климаттын өзгөрүү шарттарында тоо экосистемаларын коргоо үчүн  токой-мелиоративдик иш-аракеттерди жүргүзүү жана биорекультивациялоо” (2025-ж.) – КРнын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган, 2025-2027-жылдарга карата аткарылуучу долбоор.

- БИОМ экоуюмунун “Ош шаарындагы реконструкциялык иш-аракеттердин натыйжасында кыйылган дарактардын жана жашыл массивдердин абалын жана алардын калктын саламаттыгына тийгизген таасирин баалоо” долбоорунун алкагында фитопатологиялык жана медициналык экспертизаларды өткөрүү (2025-ж.) 

- ОшМУнун  «ОшМУнун ички гранттык долбоорлорунун илимий көргөзмөсү – 2025» сынагында «Жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мыкты долбоор-2025» номинациясын жеңип, “Инновациялык питомник” долбоору ишке ашырылып жатат.

Борбор USAID, Ага Хан фонду, АБР, ИВМИ, ПАХЧ, БИОМ ж.б. эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешип келет.