Ош мамлекеттик университетинин Илимий изилдөөлөр жана инновациялар борбору
Түзүлгөн жылы: 2025-ж.
Негизделиши: Онкология жана ага байланыштуу медициналык тармактардагы илимий-изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган Дүйнөлүк банк каржылаган долбоордун алкагында түзүлгөн.
Максаттары жана милдеттери
Борбордун негизги максаты – алдыңкы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, онкологиялык ооруларды аныктоо жана дарылоодо инновациялык технологияларды киргизүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.
Негизги милдеттери:
онкология, радиология жана медициналык информатика боюнча жаңы билим берүү программаларын (ординатура, магистратура, PhD) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
заманбап технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти жана биоинформатиканы колдонуу менен клиникалык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
жеке медицина үчүн маалымат базаларын жана аналитикалык системаларды түзүү;
саламаттык сактоо кызматкерлерине жана калкка арналган билим берүү жана агартуу иш-чараларын уюштуруу;
алдыңкы университеттер жана медициналык борборлор менен эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
Өнүгүү стратегиясы (2025–2029-жж.)
лабораториялар, IT-системалар жана молекулярдык, радиологиялык изилдөөлөр үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздоо;
Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү университеттер менен биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү;
онкологиялык оорулардын алдын алуу жана диагностикасына инновациялык ыкмаларды киргизүү;
гранттардын, эл аралык долбоорлордун жана билим берүү кызматтарынын негизинде борбордун туруктуу иштешин камсыз кылуу.
Ишмердүүлүктүн негизги багыттары
рак ооруларын алдын алуу, аныктоо жана дарылоо жаатындагы илимий изилдөөлөр;
студенттер, ординаторлор, аспиранттар жана медициналык кызматкерлер үчүн билим берүү программалары;
медициналык маалыматтарды машина үйрөнүүсү аркылуу талдоо;
рак ооруларынын алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
эл аралык илимий жана академиялык кызматташтык.
Академиялык инновациялык фондунун гранттык программасын ишке ашыруу боюнча колдонмо