12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ

Башкы Жаңылыктар

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ

Image

Кыргызстаныбызда 12 жылдык билим берүүгө өтүү жөнүндө бир топ жылдардан бери талкуулар жүрүп келет. Ошентсе да эгемен элибиздин көпчүлүгү мындай үлгүнүн артыкчылыктарын да, кемчиликтерин да так түшүнбөй түйшөлүүдө. Бул тема учурда кызуу талкууну баштоо алдында тургандыктан, мекенчил жаран катары өз пикиримди билдиргим келип турат.

12 жылдык билим берүү эмне? Бул кандай үлгү?Бул билим берүү модели көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө кабыл алынган. Мисалы: Япония, Корея, Казакстан, АКШ, Европанын дээрлик бардык мамлекеттери. Россия федерациясы да мындай үлгүгө барууну эчак пландаган. Бул үлгү менен окуган мамлекеттердин жарандары өздөрү жашаган өлкөсүнөн башка өлкөгө барып иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, балдары кыйынчылыксыз мектептерге да, жогорку окуужайларга да жаш курагы боюнча тиешелүү класстарга, курстарга жайгашып окуусун улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. 11 жылдык билим берүү формасы менен кыргыз мектептеринин бүтүрүүчүлөрү бир окуу жылын жоготуп, биринчи курска киргенге чейин кошумча бир жыл окушу керек. Жогорку окуу жайда да ушундай болот. Демек өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүүдөгү тажрыйбаларын өздөштүрүү үчүн биз бир жыл убактыбызды текке коротуп жатабыз.

Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө өтүү керекпи?Элибиздин көпчүлүгү ушул убакка чейин “Жок, өтүүгө болбойт” деп, ага төмөнкүдөй аргументтерди берип келет:

  • 12 жыл көп убакыт;
  • Балдарыбыз окуй берип карып кетет го...
  • 11 жылды араң окушат, 12 жылды кантип окуйт?..
  • Бизге али эрте;
  • Кадрлар жетишпейт;
  • База жок;
  • Башкаларды туурап эмне кылабыз...
  • Эски эле билим берүүдөн өтөрү жок ж.б.у.с.

Жогорку жүйөлөр, албетте, туурадай көрүнөт. Ошентсе да маселенин оң жагын да ойлоп көрбөйлүбү? Балким бул бизге берилип жаткан мүмкүндүктүр.

12 жыл көп убакыт. Балдарыбыз 12 жыл билим алса болот, башкасы ашыкча, - дегенге. Балабызды 12 жыл окутуп 9-классты аяктаган соң колледждерге, кесиптик билим берүүчү билим берүү мекемелеринде 3 жылдан кем эмес окутуп жатабыз. Бул - 12 жыл, нөлүнчү классты кошкондо баары – 13 жыл. Бир жыл ашыкча окутуп жатабыз. Менин түшүнүгүмдө 12 жылдык билим берүүдө мектепти аяктоо менен бирге, сөзсүз, өзүңүздүн тандооңузга карай бир кесиптин ээси деген документти кошо алып чыгасыз. Бир жыл эконом болду. 365 күнгө эсептесек, канча каражат үнөмдөлүп жатат. Ал эми окутууга кеткен каражаттардын эсебинен мамлекет да, жеке жарандар да канчалаган сумманы өзүндө калтырат. Демек, убакыт сарпталбай, тескерисинче үнөмдөлүп жатат. 11 жыл мектепте окуп, окуусун жогорку окуу жайларында уланткандар деле убакыттан да, каражаттан да утушат.

Мындан сырткары мектепте эле окуучулар спорттун бир түрү менен алектенип, бир музыкалык аспапта ойной алуусу пландаштырылат. Бул ата-энеге канчалаган каражатты кетирбей туруп, дени таза, келечектеги гени таза балдарга ээ дегендик.

Балдарыбыз окуй берип карып кетет го...Жогору жактагы ойду туура түшүнсөк. Тескерисинче, өз учурунда окуп да, кесиптик, спорттук, музыкалык, катуу жана жумшак  көндүмдөргө да ээ болушат. Жаштыгынын курч мезгилин окуу менен кесип алганга жумшашат.

11 жылды араң окушат, 12 жылды кантип окуйт?..Туура, мектептин мазмунун туура түшүнбөсөк, окуучуларыбыздын муктаждыктарын эске албай билимди эле “шыбай” берсек,  убакытты баалабасак араң окушат да. Ал эми 12 жылдыкка өтүү керек болсо, билим берүү стандарттарын жумшак көндүмдөрдү өстүрүү менен айкалыштырып, ар бир жаш инсандын кызыкчылыктарын, мүмкүнчүлүктөрүн, муктаждыктарын, мамлекеттин да өнүгүүсүн эске алып, тажрыйбаларды өзүбүзгө адаптациялап, ийри отуруп, түз кеңешип жасасак бул маселе да туура чечилет.

Бизге али эрте. Жок, кеч. Кеч болуп баратат. Ар бир кечиккен убакыт, натыйжага жетүүнү татаалданта берери баарына белгилүү. Күчтүү, так максаттарды коюп алга жылууга эмне үчүн “али эрте” болсун.

Кадрлар жетишпейт. Ушунча жогорку окуу жайларыбыз туруп, совет мезгилинен сакталган, ишмердүүлүктөрүн андан ары өркүндөтүп жаткан кесиптик билим берүүчү билим берүү мекемелерибиз, жалпы билим берүүчү орто мектептерибиз турганда минтүүгө болбойт го. Антсе да, кадрларды билим берүүдөгү жаңы технологиялар, жаңы жетишкендиктер менен трансформациялоого батынып кирип, өнүккөн өлкө куруу үчүн мекенчил сезимдерибизди күчтөндүрүп, Мекенибиздин жаркын келечеги үчүн кайра даярдалышыбыз, өзгөрүшүбүз керек. Буга тоскоолдук келтиргенге мүмкүн эмес деген түшүнүктү калыпташыбыз керек. Эртеңкибиз көзгө көрүнүп тургандай, күчүбүз жеткидей план түзүү керек.

База жок. Менимче, мурункудан базаларыбыз чыңдалып жатат. Жаңы-жаңы имараттар бат эле курулуп, тиешелүү жабдуулар болуп жатат. Жоктун өзү жок. Бары менен аракет жасоо керек..

Башкаларды туурап эмне кылабыз...Үй-тиричилигибиздеги бардык каражаттар өнүккөн мамлекеттерден келген. Башкаларды туурабаш үчүн тобокелчиликке баруу зарыл деп ойлойм. Инвестицияны 12 жылдык билим берүүгө салсак, эртеңки балдарыбыз, башкалар үйрөнө турган жаратман, адамгерчиликтүү, ийгиликтүү инсан болору бышык, буюрса.

Эски эле билим берүүдөн өтөрү жок. Эскини жамап, эсибиздин кетип жатканы баарына маалым. Көзгө көрүнүп турган мүмкүнчүлүктү аппробациялап, тиешелүү жыйынтыкка бат келели.

Кыска макалада 12 жылдык билим берүү боюнча оюмду чукул бердим. Ортого салчу ойлор али алдыда.

ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борборунун директору      Т. А. Джороев