ОшМУда беш кабаттуу окуу имаратынын курулушу башталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда беш кабаттуу окуу имаратынын курулушу башталды

Image

ОшМУнун Ак-Буура кампусунда медициналык билим берүү үчүн беш кабаттуу окуу имаратынын пайдубалына капсула салынды. 
Кампуста Медицина факультети,Эл аралык медицина факультети, Медициналык клиника, үч окуу-лаборатория жайгашкан.

Жаңы курулуп жаткан имартта  окуу лабораториялар, окуу кааналары, лекциялык залдар, бешинчи кабатында заманбап китепкана, окуу залдары болот. Имараттын аянты 2008 чарчы метр, курулуштун жалпы сметасы 84 млн сом. 

"Сапаттуу билим берүү, сапаттуу медициналык кадрларды даярдоо, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү деген долбоор менен чыкканбыз. Учүрда окуу жайдын медициналык клиникасы шаар тургундары үчүн кызмат көрсөтүп жатат. Жакынкы аралыкта ОшМУнун базасына өткөн шаардык оорукананын ордуна да клиникалык базаны кеңейтүү үчүн чоң курулуштарды баштайбыз"- деди ректор Кудайберди Кожобеков.

Ак-Буура кампусунда жетинчи болуп курулуп жаткан жаңы окуу имаратын  2023-жылы бүтөрүү пландалган.

   

Фото галерея