ОшМУда мыктылар сыйланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда мыктылар сыйланды

Image

9-октябрда Ош мамлекеттик университетинде мугалимдердин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Ага университеттин жетекчилиги жана профессордук-окутуучулук курам катышты.

Ректор Кудайберди Кожобеков жамааттын бардыгын кесиптик майрам менен куттуктап, окутуучулардын билим берүү, илим тармагындагы эмгегине жогору баа берди. Анын айтымында, университеттин бүгүнкү жетишкендиктеринин артында окутуучулардын талыкпаган эмгеги, кесипкөйлүгү, жаш муундарды тарбиялоодогу зор салымы турат.

«Дүйнө тездик менен өзгөрүп жаткан бүгүнкү күндө мугалимдин жоопкерчилиги дагы да жогорулады. Санариптик технологиялар, жасалма интеллект, жаңы кесиптер жана заманбап билим берүү ыкмалары окутуучудан дайыма изденүүнү жана жаңыланууну талап кылууда. Сиздер ушул өзгөрүүлөрдүн башында туруп, жаш муунга билим гана бербестен, аларды өз алдынча ой жүгүртүүгө, изденүүгө, мекенчил болууга жана коом алдындагы жоопкерчилигин сезүүгө тарбиялап келесиздер», — деди ректор.

Салтанаттын жүрүшүндө көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү жана илим тармагына, ошондой эле университеттин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды. Жалпысынан жүздөн ашуун кызматкер сыйланды. Алардын арасында Саламаттык сактоо министрлигинин «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси жана министрликтин Ардак грамотасы, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы, Ош шаардык кеңешинин жана Ош мэриясынын Ардак грамоталары, «ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери» төш белгиси, ОшМУнун Ардак грамотасы жана Алкыш баракчасы бар.

Фото галерея