9-октябрда ОшМУнун Тарых-юридика институтунда «Кыргызстандагы тарых илиминин учурдагы маселелери» темасында илимий-практикалык конок лекция өттү.
Иш-чарага тарых багытында окуган магистранттар, студенттер жана жаш изилдөөчүлөр катышты. Лекцияны тарых илимдеринин доктору, профессор, милициянын полковниги, билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер, Бүткүл дүйнөлүк полиция аялдар ассоциациясынын мүчөсү Каана Айдаркул өткөрдү.
Ал азыркы мезгилдеги ата мекендик тарых илиминин теориялык-методологиялык маселелери, тарыхый фактыларды калыс изилдөө, аларды жаңыча талдоо ыкмалары тууралуу кеңири баяндады.
Ошондой эле ата мекендик тарыхты изилдөөдө азыркы учурда кездешип жаткан көйгөйлөргө токтолуп, келечектеги тарыхчы адистер үчүн илимий-изилдөө иштеринин маанилүү жана стратегиялык багыттарын белгилеп өттү.