ОшМУнун окутуучулары жана студенттери “Тренерлер үчүн тренингдер” (ТОТ) курсуна активдүү катышууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары жана студенттери “Тренерлер үчүн тренингдер” (ТОТ) курсуна активдүү катышууда

Image

Муниципалитеттердин кызматкерлери, мугалимдер, жаштар жана активисттер үчүн “Тренерлер үчүн тренингдер” DigiKonush (“Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу”) долбоорунун алкагында интенсив курстар уюштурулуп келет. Аталган курстарга онлайн жана кадимки форматта ОшМУнун окутуучулары, студенттери да активдүү катышууда. ОшМУнун базасында 2022-жылдын 16-мартына долбоордун алкагында DigiKonush санарип көндүмдөр борбору ачылган.

Учурда региондун жашоочулары санарип көндүмдөр боюнча өздөрүнүн онлайн курстарын тартуулай баштады

2 ай өткөн соң ТОТтун (тренерлер үчүн тренингдер) бүтүрүүчүлөрү ар кандай багытта окутуучу модулдарды иштеп чыгууда. Маселен, Рахат Жусумамбетова кибергигиена темасында «Санарип коопсуздукка 5 кадам» аттуу курсту даярдаган.

Бишкектин №98 ПЛнын мугалими Керимбек кызы Эльнура SMM-адистикке, ал эми Ош облусунун Мырза-Аке айылынын өкүлү Тахмина Кадырова Power Point, Excel, Mail.ru.cloud, Google-диск жана Canva сыяктуу продуктулар менен иштөөгө үйрөтүүдө. Дагы бир 56 жаштагы Ысык-Көл облусунун Барскоон айылынын активисти Нуржамал Эралиева компьютердик сабаттуулук боюнча курс тартуулады.

Белгилей кетүүчү нерсе, бир катар бүтүрүүчүлөр, анын ичинде Күндөй Абдуллаева жана Айдахан Кубанычбекова ТОТтун материалдарын DigiKonushтун Youtube-каналынан өз алдынча онлайн окуп, Open Source, Open Office, Linux, Gimp, электрондук капчыктар ж.б. камтыган курсту иштеп чыга алышты.

Жалпысынан, эки ай аралыгында өз курстарын Ысык-Көл, Ош облустары жана Бишкектен 6 адам тартуулады. Бөкөнбай айылынан дагы бир катышуучу Нурлан Сейитбеков промо-компаниялар үчүн креативдүү видеолорду жаратууда. Бул курстардын өзгөчөлүгү – алар кыргыз тилинде болуп, айыл жашоочуларына арналганында. Жаңы тренерлерге ийгиликтери үчүн акчалай сыйлыктар тапшырылды. ТОТтун бүтүрүүчүлөрүнөн окутуу модулдарды кабыл алуу уланууда. Өз курстарын, ошондой эле, бардык каалоочулар иштеп чыга алат.

Эске салсак, муниципалитеттердин кызматкерлери, мугалимдер, жаштар жана активисттер үчүн ТОТ 19-27-апрелде DigiKonush (“Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу”) долбоорунун алкагында өткөн. Мындан тышкары, алыскы райондордун жашоочулары толугу менен жабдууланган заманбап Санарип көндүмдөр борборлорунда билим алууда. Алар ОшМУ, БатМУ жана ЫГУ университеттеринин базасында ачылган. 

Санарип көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча DigiKonush долбоору Кыргызстан региондорундагы, анын ичинде Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарындагы айымдарга жана жаштарга багытталган.