2026-жылы КРнын ЖОЖдоруна кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо
14-октябрдан 29-октябрга чейин ББОУБдун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлөт.
Кабыл алуу ЖОЖдордун контракттык окутуу формасына гана жүргүзүлөт.
ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) орто билимге же кесиптик орто билимге ээ, колунда орто билимин тастыктаган аттестаты/диплому бар адамдар гана КАТЫША АЛАТ.
2027-жылдын бүтүрүүчүлөрү (мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү (акыркы) курстарынын окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери) ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) каттоого КАТЫША АЛБАЙТ.
МУРДАГЫ ЖЫЛКЫ жана 2026-жылдын бүтүрүүчүлөрү (МЖБ) өздүк баракчасына кирүүгө мүмкүндүк алуулары зарыл. Өздүк баракча ачуу мүмкүндүгү паспортуңузду жана орто билим алгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн аттестатыңызды (диплом) жеке өзүңүз көрсөткөндөн кийин гана жашаган жериңиздин райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүндөгү ЖРТ боюнча жооптуу кызматкери тарабынан берилет.
1. Мүмкүндүктү райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүндөгү ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерден алуу керек.
2. Онлайн каттоонун бланкасын толтуруу үчүн сизге булар керектелет: уюлдук телефонуңуздун номери, паспортуңуздун түп нускасынын электрондук сүрөттөрү (эки тарабы тең), аттестаттын (атайын орто билими жөнүндө дипломдун) түп нускасынын электрондук сүрөтү. . Сиздин жүзүңүздүн электрондук сүрөтү (сүрөткө коюлган талаптар менен онлайн каттоо баракчасын толтуруу учурунда таанышасыз).
Телефонуңуздун номери мындан ары каттоо үчүн гана логин катары колдонулбастан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруудагы конкурска катышуу үчүн да керектелет
Каттоонун онлайн бланкасын толтуруу нускамасын жашаган жериңиздин райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн ЖРТ боюнча жооптуу кызматкеринен аласыз.
ӨЗДҮГҮН ТАСТЫКТАГАН ДОКУМЕНТИ ЖЕ ЖРТга КАТТООСУ ЖОК АБИТУРИЕНТТЕР ТЕСТКЕ КИРГИЗИЛБЕЙТ.
Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган жарандар тестке бир күн калганда каттоодон өтүүлөрү зарыл. Жогоруда белгиленген керектүү документтердин баарынын болушу МИЛДЕТТҮҮ.
Каттоо боюнча нускамаканы бул жерден көрсөңүз болот
Каттоо үчүн онлайн форманы толтуруу боюнча видеороликти бул жерден көрсөңүз болот
Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТ болжол менен 2026-жылдын 20-ноябрынан 22-ноябрына чейинки убакытта өткөрүлөт.
КРнын ЖОЖдоруна өтүү үчүн ЖРТнын негизги тестинин жыйынтыктары милдеттүү түрдө керек.
Предметтик тесттер: ангис тили, химия, биология, физика, математика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты боюнча жүргүзүлөт. Предметтик тест негизги тесттен өзүнчө бааланат. Предметтик тестти каалаган санда тандаса болот, бирок абитуриенттер мында “канчалык көп болсо, ошончолук жакшы” принциби иштебестигин эсепке алышы керек.
Ар бир тандалып алынган тест үчүн өзүнчө акы төлөнөт. Негизги тестти тапшырбастан, предметтик тестти тапшырууга болбойт.
Каттоо акысы төлөнбөгөн учурда ЖРТга катышуу мүмкүн эмес.
Негизги тесттин акысы – 470 сом,
Мамлекеттик тил боюнча тесттин акысы – 470 сом,
Ар бир предметтик тесттин акысы — 470 сом.
Бул сумманы Элдик Банк, MegaPay или О! Деньги банкына төлөп, төлөө дүмүрчөгүн ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерге көрсөтүү же дүмүрчөктүн номерин жана сумманы өздүк баракчасына киргизүү (жазуу) керек.
Окуу куралдарын сатып алуу маселелери боюнча ББОУБ кеңсесине кайрылуу керек.
Бардык суроолор боюнча окуу жайлардагы ЖРТ боюнча жооптуу кызматкерлерге кайрылыңыздар, ошондой эле ББОУБнын кийинки телефон номерлерине чалыңыздар (Иш тартиби – 09:00 – 17:00, ишемби – жекшемби – дем алыш күндөрү):
(0502, 0500, 0503) 66-48-38.