ОшМУ Тяньцзинь коллежи менен кызматташтык меморандумуна кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Тяньцзинь коллежи менен кызматташтык меморандумуна кол койду

Image

ОшМУ менен Кытайдагы Тяньцзинь транспорттук кесиптик коллежинин ортосунда кызматташтык меморандумуна кол коюлду. Макулдашуу логистика жана транспорт тармагында заманбап адистерди даярдоого, биргелешкен Лубань устаканасын түзүүгө багытталган.

Аземге 14-октябрда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, кыргыз-кытай факультетинин деканы Тыныстан Пазылов катышты. Тараптар логистика жана транспорттук процесстерди башкаруу боюнча окуу программаларын өнүктүрүүгө, окутуучулардын тажрыйбасын жогорулатып, студенттердин практикалык даярдыгын күчөтүүгө басым жасашат.

Долбоор Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жана аймактагы транспорттук-логистикалык байланыштардын кеңейиши менен да түздөн-түз байланыштуу. Лубань устаканасы өлкөнүн эмгек рыногунда тартыш болгон квалификациялуу адистерди даярдоого мүмкүнчүлүк берет.

Кызматташтык этап-этабы менен өнүктүрүлөт. Биринчи этапта логистика боюнча адистер даярдалат. Экинчи баскычта электромобилдерди тейлөө, ага байланышкан заманбап технологиялар боюнча кадрларды даярдоо пландалууда. Кыргызстанда электромобилдерге суроо-талап өсүп жатканы бул тармакта квалификациялуу адистерге муктаждыкты күчөтүүдө.

Долбоорду өнүктүрүүгө ОшМУнун Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору Токтосун Айтикеев да салым кошту. Ал бир жарым жылдан бери бул багытта кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш алып барат.

Меморандумга кол коюу ОшМУнун эл аралык өнөктөштүгүн бекемдөөгө, кесиптик билим берүүнү өндүрүш менен айкалыштырууга, Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам.

Иш сапардын алкагында  Кудайберди Кожобеков жана Тыныстан Пазылов Кытайда билим алып жаткан ОшМУнун студенттери менен жолугушту.

 

Фото галерея