ОшМУнун кесиптик бирлиги эл аралык ассоциацияга мүчө болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кесиптик бирлиги эл аралык ассоциацияга мүчө болду

Image

ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров Евразия университеттеринин кесиптик бирлик уюмдарынын ассоциациясынын съездине жана Дагестан мамлекеттик университетинин 95 жылдыгына арналган илимий конференцияга катышты.

Иш-чара 12–15-октябрда Дагестандын Махачкала шаарында өттү. 

Съезддин алкагында Абсамат Саттаров ассоциациянын мүчөлөрүнө ОшМУнун кесиптик бирлигинин учурдагы иши жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу баяндама жасады. Ал катышуучулардын суроолоруна жооп берип, университеттин кесиптик бирлигинин иши тууралуу кеңири маалымат берди.

 

Жыйынтыгында окуу жайдын кесиптик бирлиги ассоциацияга мүчөлүккө кабыл алынды. 

 

Бул мүчөлүк ОшМУнун кесиптик бирлигине эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, башка университеттердин кесиптик бирлик уюмдары менен тажрыйба алмашууга жана өз ара байланыштарды чыңдоого жаңы мүмкүнчүлүк ачат.

Фото галерея