ОшМУнун Орус филологиясы факультетинин орус тили жана адабияты адистигинде кош дипломдуу программа боюнча билим алып жаткан экинчи курстун студенттери Орусиянын Тамбов мамлекеттик университетинде диалектологиялык практикадан өтүштү.
Студенттер орус тилинин аймактык өзгөчөлүктөрүн изилдеп, диалектологиялык материалдарды чогултуу жана талдоо боюнча тажрыйба топтошту. Ошондой эле маданияттар аралык байланыштарын кеңейтип, эл аралык билим берүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.
Сапар студенттердин орус тилинин диалектилери, элдик сүйлөө тили боюнча теориялык билимдерин тереңдетүү максатында уюштурулду. Демилгени доцент Диляра Мадаминова менен факультеттин практика жетекчиси Чынара Токурова көтөрүштү.