Медколлеждин студенттерине психологиялык туруктуулук боюнча кеңештер берилди 

Башкы Жаңылыктар

Медколлеждин студенттерине психологиялык туруктуулук боюнча кеңештер берилди 

Image

Психологиялык туруктуулук боюнча маалыматтык иш-чара 13-октябрда ОшМУнун медициналык коллежинин   1-курстарына уюштурулду. 

Психолог-педагог Аскар Бакиров студенттер менен кесиптик багытта маектешип, психологиялык туруктуулук, максат коюу жана келечектеги кесипке жоопкерчилик менен мамиле кылуу боюнча кеңештерин берди.

Коллеждин директору Жанара Кыдыршаева студенттердин окуусуна ийгилик каалап, медициналык кесип чоң жоопкерчиликти, адамгерчиликти, бейтаптарга аяр мамиле кылууну талап кыларын белгиледи.

Иш-чара адаптациялык жумалыктын алкагында уюштурулду. Ага улай эле студенттердин жаңы билим берүү чөйрөсүнө көнүүсүнө жана кесиптик туруктуулугун калыптандырууга багытталган тренингдер өткөрүлдү. Мындан тышкары коллеждин ички тартиби, жүрүм-турум эрежелери, этика, кийинүү маданияты боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

Фото галерея