ОшМУнун студенти Build Global AI Hackathon 2026да жеңүүчү болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти Build Global AI Hackathon 2026да жеңүүчү болду

Image

Тарых-юридика институтунун 4-курсунун студенти Амантур Эркинов Build Global AI Hackathon 2026 хакатонунда биринчи орунду багындырды. Ал Webordo.kg долбоору менен 2000 доллар өлчөмүндөгү байгеге ээ болду.

Сынак 9–11-октябрда Ош шаарында өттү. Анда жаштардан куралган 35тен ашык команда күч сынашты. Күн сайын эртеден кечке чейин долбоорлорду иштеп чыгуу, эксперттер менен иштөө жана питч-презентациялар уюштурулду. Катышуучулардын көпчүлүгү команда болуп келсе, Амантур жалгыз өзү Webordo.kg жана ONLINE PRINTER деген эки долбоор менен таймашты.

Webordo.kg – кафе, ресторан жана барбершоптор үчүн иштелип чыккан санариптик платформа. Анда онлайн-меню, буйрутма кабыл алуу, онлайн жазылуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Платформа алты айдан ашык убакыттан бери иштеп, Бишкек жана Ош шаарларындагы 75 бизнести бириктирген, 12 миңден ашуун буйрутма кабыл алган.

Амантур келечекте юрист болгонуна карабай IT-долбоорлорду өзү иштеп чыгат. Ал Enactus Kyrgyzstan 2026 чемпиону болгон ОшМУ командасынын мүчөсү.

«Юрист болуу IT менен алектенүүгө тоскоол эмес. Тескерисинче, мыйзамды түшүнгөн адам ишенимдүү жана мыйзамга ылайык продукт кура алат. Бул жеңиш университетибиздин жана Ош жаштарынын жеңиши», — дейт ал.

 

Фото галерея