Түркиянын профессорлору дин таануу боюнча конок лекцияларды өтүштү 

Башкы Жаңылыктар

Түркиянын профессорлору дин таануу боюнча конок лекцияларды өтүштү 

Image

ОшМУнун теология факультетине Түркиянын Балыкесир университетинин теология факультетинин деканы Мехмет Өзкан баштаган окутуучулар келип, студенттерге жана магистранттарга конок лекцияларды окушту.

Профессор Мехмет Өзкан “Кыргызстан жана Түркия контекстинде дин таануу маданияты” деген темада сүйлөдү. Ал эки өлкөдөгү дин таануунун өзгөчөлүгү, коомдогу орду, бири-бири менен байланышы тууралуу айтып берди. Доцент Ахмет Али Чанакчы диний билим берүүдөгү жаңы ыкмалар, окутуу технологиялары жана материалдарды кантип колдонуу керектиги боюнча кеңеш берди. 

Профессор Айхан Истанбуллу диндер тарыхын карта аркылуу көрсөткөн интерактивдүү презентация жасады. Ал эми доцент Мустафа Полат Осмон мамлекетинин архивдери тарых жазууда кандай роль ойнорун түшүндүрдү. 

Конок лекциялар академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында өттү. Максаты студенттердин илимий көз карашын кеңейтүү, Кыргызстан менен Түркиядагы теологиянын өзгөчөлүктөрү, диндердин тарыхы, диний билим берүү ыкмалары боюнча билимин тереңдетүү болууда. 

 

Фото галерея