Илим министрлигинде 12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында педагогикалык билим берүү реформасы талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Илим министрлигинде 12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында педагогикалык билим берүү реформасы талкууланды

Image

2026-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде Кыргыз Республикасында 12 жылдык жалпы орто билим берүү системасына өтүү шартында педагогикалык билим берүүнү трансформациялоо маселелерине арналган кеңейтилген жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга педагогикалык багыттар боюнча адистерди даярдаган жогорку окуу жайлардын ректорлору, Кыргыз билим берүү академиясынын жетекчлиги жана эксперттик топтун мүчөлөрү катышты.
Жыйын Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуевдин төрагалыгы алдында өттү. Анда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү өлкөнүн билим берүү тармагындагы стратегиялык реформалардын бири экени белгиленип, жаңы билим берүү стандарттарына жооп берген, компетенттүү, санариптик көндүмдөрү өнүккөн, инклюзивдүү билим берүүгө даяр жана атаандаштыкка жөндөмдүү педагогикалык кадрларды даярдоо учурдун негизги талабы экендиги белгиленди.
Жыйындын жүрүшүндө министрдин орун басары Дурус Козуев педагогикалык билим берүүнү трансформациялоо боюнча Жол картасынын ишке ашырылышы тууралуу кеңири маалымат берип, жетишилген негизги жыйынтыктарга жана алдыдагы негизги багыттарга токтолду.
Мындан тышкары, орто жана жогорку кесиптик педагогикалык билим берүүнүн учурдагы абалына комплекстүү талдоо жүргүзүлүп, 12 жылдык мектептик билим берүүнүн эл аралык тажрыйбасы изилденип, аны Кыргызстандын шартында педагогдорду даярдоодо колдонуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча салыштырма анализ жасалды.
Ошондой эле орто кесиптик билим берүү (СПО) жана жогорку окуу жайларынын (ЖОЖ) мамлекеттик билим берүү стандарттарын мектептик билим берүү системасы менен айкалыштыруу боюнча сунуштар даярдалып, педагогикалык кызматкерлердин тармактык квалификациялык алкагын жана кесиптик стандарттарын жаңылоо боюнча сунуштамалар иштелип чыкты.
Мындан сырткары, жогорку билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмеси жана орто кесиптик билим берүүнүн адистиктер классификатору бүгүнкү күндүн талаптарына ылайык кайра каралып сунушталды.
 Мектептердеги мугалимдерге болгон муктаждыкты жоюу максатында педагогдорду даярдоонун вариативдүү моделдери, ошондой эле кайра даярдоо механизмдери аркылуу башка квалификациялардын негизинде педагогдорду даярдоо мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Мындан тышкары, ыкчам жана интенсивдүү билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча жол картасы такталды.
Жыйынтыгында жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде иштелип чыккан сунуштар эксперттер тарабынан сунушталып, педагогикалык билим берүүнүн жаңыланган моделдери макулдашылды.
Ошондой эле улуттук деңгээлде окуу жайлардын мыкты тажрыйбаларын эске алуу менен Жол картасын ишке ашырууну тездетүү жана ведомстволор аралык координацияны күчөтүү боюнча чечим кабыл алынды.

Фото галерея