ОшМУ жер көчкү болгон аймактарды калыбына келтирүү боюнча илимий долбоордун жыйынтыгын чыгарды 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ жер көчкү болгон аймактарды калыбына келтирүү боюнча илимий долбоордун жыйынтыгын чыгарды 

Image

Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) климаттык өзгөрүүлөрдүн шартында жер көчкү жүргөн аймактардагы топурак катмарын калыбына келтирүү, тоо экосистемаларын коргоо боюнча жүргүзүлгөн илимий долбоордун бир жылдык жыйынтыгын чыгарды.  

Долбоор Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар консалтинг борбору тарабынан ишке ашырылып жатат. Борбор Кыргызстанда алгачкы жолу бузулган топурак кыртышын биорекультивациялоо жана агролесомелиорациялоо багытында мастшабдуу изилдөөлөрдү жүргүзүүдө.

Илимий долбоордун алкагында өлкөнүн түштүгүндөгү жер көчкү жүргөн тилкелер изилденип, алардын калктын жашоосуна жана аймактын өнүгүшүнө тийгизген социалдык, экономикалык экологиялык жана психологиялык таасирлери бааланды. Топурак деградациясы жана анын жаратылыш ресурстарына тийгизген таасири боюнча маалыматтар чогултулду.   

Отчеттук жыйынга ОшМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Элзарбек  Эшаров, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун жамааты катышты. Долбоордун жетекчиси Абдижапар Аккулов климаттык өзгөрүү шартында жер көчкүгө учураган аймактарды биорекультивациялоо зарылдыгын белгилеп, бул багытттагы илимий ыкмалар боюнча маалымат берди. Талкууда агролесомелиорация иштерин кеңейтүү, климаттык өзгөрүүлөргө адаптациялоо жана бул багытта мамлекеттик деңгээлде программаларды кабыл алуу маселелери көтөрүлдү. 

Жыйындын соңунда 2026-жылга карата долбоордун иш багыттары аныкталып, илимий макалаларды даярдоо сүйлөшүлдү. Аны менен катар эле Курбу-Таш илимий-өндүрүштүк участогунун, тоо питомнигинин жылдык пландары бекитилди. Жабдууларды жана материалдарды сатып алуу маселелери каралды.

 

Фото галерея