Окуу жайдын Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар консалтинг борборунун өкүлдөрү Өзбекстандын Анжиян жана Фергана облустарында кызматтык сапарда болуп, аймактагы алдыңкы питомник чарбаларынын ишмердиги менен таанышты.
Борбордун директору Абдижапар Аккулов, доценттер Элмурат Обдунов, Акылбү Зулушева, Венера Эрматова токойчулук, декоративдик жашылдандыруу жана багбанчылык багытында интенсивдүү иштеп жаткан питомниктердин негиздөөчүлөрү менен жолугушту. Анда алардын көп жылдык тажрыйбалары менен таанышты.
Жолугушууда тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, өз ара кызматташтыкты кеңейтүүү боюнча сүйлөшүп, Өзбекстанда өстүрүлгөн көчөттөрдү Ош аймагында көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Иш сапар Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар консалтинг борбору жүргүзүп жаткан агро-токоймелиорация, биорекультивация жана питомник чарбаларын түзүү багытындагы илимий изилдөөлөрдүн алкагында демилгеленди.