Евразиянын биоартүрдүүлүгүн коргоого багытталган конференцияда ОшМУнун окумуштуулары ой бөлүштү

Башкы Жаңылыктар

Евразиянын биоартүрдүүлүгүн коргоого багытталган конференцияда ОшМУнун окумуштуулары ой бөлүштү

Image

Өзбекстан Илимдер акедемиясынын Каракалпак илим изилдөө институтунда өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда ОшМУнун доценти Болот Каримов “Кыргызстандын биоартүрдүүлүгүн коргоо боюнча ОшМУнун демилгелери” аттуу доклад менен чыгып, эл аралык коомчулуктун кызыгуусун жаратты.

“Уюштуруучулар Кыргызстандын делегациясына ыраазычылык билдирип, мындан аркы илимий кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин белгилешти. Өзгөчө, конок лекциялардын жана академиялык мобилдүүлүк программаларынын алкагында кызматташууну активдештирүү зарыл экендиги айтылды”, -дейт зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын башчысы Кутманалы Стамалиев.

«Евразиянын биоартүрдүүлүгүн коргоо: учурдагы көйгөйлөр, аны чечүү жолдору жана перспективалары» аталышындагы үчүнчү эл аралык илимий-практикалык конференция 16-18-октябрда өттү. Иш-чарага Түркия, Азербайжан, Кыргызстан жана Өзбекстандын биолог илимпоздору катышты. Алар өз өлкөлөрүндөгү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, көйгөйлөр жана келечек пландар тууралуу баяндама жасашты.

Кыргызстандын атынан конференцияга ОшМУнун Табигый илимдер, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунан, Медициналык колледжинен окумуштуулар катышты. Алар Тянь-Шань жана Памир-Алай тоо системаларынын биоартүрдүүлүгүн сактоого байланыштуу маселелерди көтөрүп, көйгөйлөрдү чечүүнүн илимий жолдорун сунуштады.

Жыйынтыдын алкагында IV эл аралык илимий-практикалык конференция 2026-жылдын октябрь айында Азербайжандын Баку шаарында өтөрү белгиленди.

















 

Фото галерея