ОшМУда Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине арналган “Жашыл аалам” фестивалы өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине арналган “Жашыл аалам” фестивалы өтүп жатат

Image

ОшМУда түрк тилдүү жаш акындардын “Жашыл аалам” фестивалы башталды.

Ачылыш аземине Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, уюмдун баш катчысы Султан Раев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Эльчибек Джантаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Түркиянын жазуучулар союзунун төрагасы Муса Акыжы, Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар бирлигинин төрагасы Улыкбек Есдаулет, Кыргызстандын улуттук жазуучулар союзунуну төрагасы Каныбек Иманалиев, Венгрия жазуучулар союзунун төрайымы Кинга Эрёш, Казакстандын, Өзбекстандын жазуучулар союзунан өкүлдөр, акын-жазуучулар, шаар тургундары катышууда.

Фестивалга катышуу үчүн Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстандан жаш акындар келишкен.

Иш-чаранын катышуучулары куттуктоо сөздөрүн жолдоп, ОшМУнун башкы имаратында Жолон Мамытовдун бейнесин чагылдырган сүрөт көргөзмөгө, акындар парадына жана концерттик программага күбө болушту. Акындын эл аралык мааракеси бүткүл түрк элдеринин адабият, маданият жана искусствосун жакындаштырган, достук менен ынтымактын данакерине айландыгын белгилешти.

Күндүн экинчи бөлүгүндө ОшМУнун «Ак-Буура» кампусунда “Отту сүйөм” поэзия кечесине тартууланат. Андан соң окуу жайдын «Congress Resort OshSU» комплексинде “Жашыл аалам” кечки эркин поэзия кечеси уюштурулат.

29-майда коноктор университетте “Түрк дүйнөсүндөгү көркөм котормо маселелери”  талкуусуна катышат. Фестивалдын жабылуу аземи Ош улуттук драма театрында өтөт. Коноктор үчүн 30-май күнү Кара-Кой эс алуу комплексине саякат уюштурулат.

Фестиваль ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук жазуучулар союзу, президентинин Оштогу өкүлчүлүгү, Ош мэриясы, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры, “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы, жана Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулууда.

 

Фото галерея