Коррупцияга каршы күрөшүүнүн заманбап ыкмалары талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн заманбап ыкмалары талкууланды

Image

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперти Асема Бейшенбек кызы студенттерге коррупцияга каршы күрөшүүнүн заманбап ыкмалары жана мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди. 

Иш-чара 3-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде өттү. Жыйынга бардык түзүмдөрдө билим алган студенттер катышты. Алар мамлекеттик кызматтагы жемкорлукка каршы стандарттар жана «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдын негизги жоболору менен таанышышты. Мындан тышкары коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, алдын алуу, мыйзам талаптарын сактоо маселелери талкууланды.

Иш-чара жаштардын укуктук билимин жогорулатууга, коомдо ачык-айкындуулук жана адилеттүүлүк принциптерин бекемдөөгө багытталды.

 

Фото галерея