Ош мамлекеттик университетинде Чехиянын Батыш Чех университетинен келген тогуз студент академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында окуп, сертификаттарга ээ болушту.
29-сентябрдан 3-ноябрга чейин созулган программада студенттер университеттин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде «Борбордук Азиядагы эл аралык мамилелер» багыты боюнча билим алышты. Окуу учурунда алар аймактын тарыхы, маданияты, геосаясий өзгөчөлүктөрү менен таанышып, кыргыз элинин каада-салты жана күнүмдүк жашоосу тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле жергиликтүү студенттер менен пикир алмашып, достук байланыштарды түзүштү.
Сертификат тапшыруу аземине ректор Кудайберди Кожобеков, тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров, Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин директору Дамира Акматова, эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Назгүл Раджапова катышты. Иш-чарада ректор эки окуу жайдын кызматташтыгы 2017-жылдан бери туруктуу уланып келе жатканын белгиледи. Анын айтымында, чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу Ош мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө, билим берүү программаларын дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келтирүүгө, эл аралык рейтингдердеги ордун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Ошондой эле Кудайберди Кожобеков чехиялык студенттерди Кыргызстанда алган таасирлери менен өз өлкөсүндө бөлүшүп, Батыш Чех университетинин башка студенттерин да Ош мамлекеттик университетинде билим алууга кызыктырууга чакырды. Мындан тышкары эки окуу жайдын ортосундагы академиялык мобилдүүлүктү мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Студенттердин атынан сөз сүйлөгөн Кристиан Стах окуу жайдын жетекчилигине, окутуучуларына жана студенттерине жылуу кабыл алып, меймандостук көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстанга келүү академиялык жактан гана эмес, маданий, жеке тажрыйба топтоо жагынан да маанилүү болгонун белгиледи. Ошондой эле өлкөнүн тарыхы, тили, каада-салты менен таанышып, кыргызстандык досторду табышканын айтты.
Ош мамлекеттик университети менен Батыш Чех университетинин кызматташтыгы 2017-жылдан бери эки тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлүп келет. Анын алкагында чехиялык студенттер жыл сайын Ош мамлекеттик университетине келип билим алышат. Ал эми 2027-жылдын апрель айында Ош мамлекеттик университетинин тогуз студенти Чехиянын Пльзень шаарындагы Батыш Чех университетине барып, академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алышат.