Ош шаарында Жолон Мамытовдун айкели коюлду

Башкы Жаңылыктар

Ош шаарында Жолон Мамытовдун айкели коюлду

Image

Ош шаарынынын Ак-Тилек кичи районундагы “Жолон Мамытов” паркына акын, прозаик, публицист жана котормочу Жолон Мамытовдун айкели коюлду. Бүгүн, 28-майда мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, эл артисти Түгөлбай Казаков, “Турксойдун” башкы катчысы Султан Раев, акындын жубайы, кыргыз эл жазуучусу Менди Мамазаированын катышуусунда анын айкели салтанатту ачылды. 

Ош шаарында бүгүн Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине арналган “Жашыл аалам” эл аралык  поэзия фестивалы башталды. Иш-чара 28-29-30-май күндөрү өтөт. Фестивалга катышуу үчүн Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жаш акындары келишти.

Жолон Мамытов 1940-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. Алгачкы ыры 1954-жылы облустук “Ленин жолу” гезитине жарыяланып, кийинки чыгармалары республикалык гезит-журналдарда, альманахтарда басылган. Акын 48 жашында дүйнөдөн кайткан.

 

Фото галерея