Биринчи курстун студенттерине коопсуздук, университеттин ички тартиби түшүндүрүлүүдө

Башкы Жаңылыктар

Биринчи курстун студенттерине коопсуздук, университеттин ички тартиби түшүндүрүлүүдө

Image

ОшМУнун Аялдар кеңеши сентябрь-октябрь айларында биринчи курстун студент кыздары үчүн адаптациялык жыйындарды өткөрүүдө. Жолугушуулардын максаты алардын окуу жайдын чөйрөсүнө ыңгайлашуусуна көмөктөшүү, коопсуздугун камсыз кылуу жана өз ара сый-урмат маданиятын калыптандыруу болууда.

Жыйындарда университеттин ички тартип эрежелери, кийим кийүү маданияты, жоопкерчилик, коомдук жайлардагы жүрүм-турум тууралуу маалымат берилүүдө. Ошондой эле ички иштер органдарынын адистери жеке коопсуздук, укуктарын коргоо, терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, кооптуу жагдайларда туура аракеттенүү боюнча кеңештерди беришүүдө.

Аялдар кеңешинин төрайымы Гүлнара Сейитказиеванын айтымында, мектептен университетке өткөн жаштар үчүн жаңы чөйрөгө көнүү, өз алдынча чечим кабыл алуу, убакытты туура пайдалануу жана окутуучулар менен курсташтар менен жакшы мамиле түзүү маанилүү.

“Окуу жылынын башталышы жогорку окуу жайга жаңыдан кабыл алынган студенттердин жашоосундагы маанилүү этап. Мектептен университетке кадам таштаган жаштар үчүн жаңы чөйрөгө көнүү, өз алдынча чечим кабыл алуу, убакытты туура пайдалануу, окутуучулар жана курсташтар менен натыйжалуу мамиле түзүү өзгөчө мааниге ээ. Ушул жагдайларды эске алуу менен Аялдар кеңешинин иш-планына ылайык  биринчи курстун студент кыздары үчүн адаптациялык жыйындарды өткөрүп жатабыз”. 

Бүгүнкү күнгө чейин жыйындар Педагогика жана искусство институтунда, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде, Эл аралык билим берүү программалары коллежинде өткөрүлдү. Иш-чаралар октябрь айынын аягына чейин ОшМУнун бардык түзүмдөрүндө улантылат.