Окутуучулар Анжиянда мастер-класс өтүп, тажрыйбалары менен бөлүштү

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар Анжиянда мастер-класс өтүп, тажрыйбалары менен бөлүштү

Image

Ош мамлекеттик университетинин филология жана маданият аралык коммуникация институтунун орус тили жана салыштырма тил илими кафедрасынын окутуучулары Аида Бисерова жана Гүлжамал Айтматова Анжиян мамлекеттик чет тилдер институтунда иш сапарда болду. 

Анын алкагында алар институттун орус тилинин теориясы жана практикасы кафедрасынын окутуучуларына «Сөз жасоочу сөздүктөрдү морфематика жана сөз жасоо сабактарында колдонуу» аталышында мастер-класс өтүштү. Мында окутуучулар сөздүк материалдарын окуу процессинде натыйжалуу пайдалануунун ыкмалары менен бөлүшүп, кесиптик тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк жаралды.

Ошондой эле «Орус поэзиясынан менин котормолорум» аттуу чыгармачылык кечеге катышып, жаш котормочуларга шыктандыруучу пикирлерин билдиришти. Аны менен катар эле «Докторанттар менен бир күн» аттуу масштабдуу форумга да катышты. Анда илимий идеялар жана долбоорлор боюнча пикир алышкан.  

 

Фото галерея