ОшМУнун окумуштуулары Пекинде өткөн Дүйнөлүк ресурстар форумуна катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окумуштуулары Пекинде өткөн Дүйнөлүк ресурстар форумуна катышты

Image

9–13-октябрда Ош мамлекеттик университетинин окумуштуулары Пекин шаарында өткөн Кытайдын жаратылыш ресурстары коомунун биринчи дүйнөлүк ресурстар форумуна катышты.

Делегациянын курамында география илимдеринин доктору, профессор Абдурашит Низамиев, география илимдеринин кандидаттары, доценттер Абдижапар Аккулов жана Элмурат Обдунов болду.

Форумдун пленардык жыйынында Низамиев «Integrated Model for Restoring Degraded Ecosystems in Kyrgyzstan» («Кыргызстандагы деградацияга учураган экосистемаларды калыбына келтирүүнүн интеграцияланган модели») темасында баяндама жасап, мыкты баяндама үчүн сертификат менен сыйланды.

Ошондой эле ал «Бир алкак – бир жол» эл аралык окумуштуулар союзунун туруктуу мүчөсү болду. Делегациянын мүчөлөрү Абдижапар Аккулов менен Элмурат Обдунов да аталган союздун мүчөлүгүнө кабыл алынды.

Форумду Кытай Илимдер академиясынын география илимдери жана жаратылыш ресурстарын изилдөө институту уюштурду.

 

Фото галерея