
ОшМУнун Тарых жана юридика институтунун 3-курсунун студенти Акмырза Тургунбаев каржылык коопсуздук боюнча республикалык олимпиадада экинчи орунду ээледи.
Олимпиада 3-мартта онлайн форматта башталып, финалдык туру 24-апрелде Бишкек шаарында өттү. Ага өлкө аймагындагы жыйырма жогорку окуу жайдан 800дөн ашуун студент катышты.
Олимпиаданы Билим берүү жана илим министрлиги, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана анын алдындагы окуу борбору уюштурду. Иш-чара студенттердин каржылык коопсуздук, укуктук жана маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.