ОшМУда студенттерди шыктандырган Stud EXPO-2025 жарманкеси өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда студенттерди шыктандырган Stud EXPO-2025 жарманкеси өттү

Image

Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда өткөн Stud EXPO-2025 эл аралык жарманкесине Кытайдын, Гананын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери катышты. Бул жылдагы иш-чарага 180ден ашуун эмгек коюлду. 

Студенттердин эмгектери негизинен программалоо, мобилдик веб-тиркемелер, робототехника, автоматташтыруу, 3D моделдештирүү, моушн анимация, илюстрация жана графикалык дизайн багыттарында болду. 

Иш-чара быйыл бешинчи ирет өткөрүлдү. Уюштуруучулар бул жылдагы сынак күчтүү аттандаштыкта өткөнүн, эмгектер жогорку деңгээлде жасалганын белгилешти. Студенттердин эмгектери атайын эксперттер тарабынан каралып, жеңүүчүлөр баалуу белектер, диплом жана атайын медалдар менен сыйланды. 

Эл аралык жарманке студенттердин эмгектерин жарыялоо, аларга мотивация берүү максатында уюштурулду. Ошондой эле алган билимдерин практикада колдонууга жол ачууга, тажрыйба алмашууга багытталган. 



 

Фото галерея