ОшМУда "Багажник" китебинин бет ачары өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда "Багажник" китебинин бет ачары өттү

Image


 
Бүгүн, 28-апрелде ОшМУда прозаик, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Жыргал Сулаймановдун “Багажник” романынын талкуусу жана бет ачар аземи өттү. Иш-чарага окуу жайдын жамааты, Ош шаарындагы адабият сүйүүчүлөр, адабият сынчылары катышты.

Катышуучулар “Багажник” романында бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн бир күндүк сапарында созулган окуянын жүрүшү камтылганын, анда көптөгөн сырлар, табышмактар жана күмөндүү жагдайлар пайда болгонун айтышты. Сюжеттик бурулуштар жана күтүүсүздүктөр чиеленишип, каармандардын жолдон кокустан табылган бир баштык акчага болгон мамилеси аркылуу психологиялык портрети жана мотивдери ачылгандыгы талкууланды. Ошондой эле адамдардын коомдогу орду жана ролу жөнүндө каймана ой, бүтүм камтылганын белгилешти. 

Китепте Тыртай атадан таркаган Тиртеевдердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн америка, кытай, орус, инди, кыргыз ысымдуулары дүйнөдөгү геосаясат кыярдаалына “шилтеме” берип турганы да өзүнчө кызыктуу табылга экени айтылды.

Жазуучунун “Багажник” романынын 2025-жылы жарык көргөн. Чыгарма 267 беттен турат. 

Жыргал Сулайманов “Дилкөөнүмдө жанган от” повесттер жана аңгемелер жыйнагынын, “Өзүңдү изде” романын, “Кара роза” повести жана аңгемелер жыйнагынын, “Жылан эне” романынын автору. Ал “Эфир-1”, “Эфир-2”  телесериалдарынын сценарийин да жазган.

Фото галерея