Кургак учукка каршы күрөшүү үчүн биригели

Башкы Жаңылыктар

Кургак учукка каршы күрөшүү үчүн биригели

Image

USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” жана “Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо”, AFEW Кыргызстан жана Улуттук кызыл жарым ай коому, Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору менен ОшМУ  биргеликте университеттин башкы имаратында илдетке каршы күрөшүү иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чара  кургак учук менен күрөшүүнүн бир айлыгынын алкагында уюштурулду. Анда  ден соолук бурчтары окуу жайдагы окутуучулардын, студенттердин жана  кызматкерлердин  кан басымын, боюн, салмактарын жана  кандагы канттын деңгээлин текшеришти.

Ошондой эле Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун дарыгерлери  иш-чаранын катышуучуларына илдеттин алдын алуу, коргонуу жана оорунун алгачкы белгилери  боюнча мааылматтарды беришти. Суроо жооп, викториналар өткөрүлдү.  Туура жоопторго баалуу байгелерди берилди.

Иш-чаранын максаты  калк арасында кургак учук тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу, кургак учук менен ооруган адамдарга карата стигманы жана дискриминацияны азайтуу, ошондой эле бул оору менен ооругандарды эрте аныктоо жана дарылоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Буга чейин бул багыттагы иш аракеттерди мындан ары дагы илгерилетүү үчүн ОшМУ менен Ош олблустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумуна кол коюлган.

Меморандум 5 жылга түзүлгөн.  Анда ОшМУ Ош олблустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору менен кургак учукка каршы күрөшүү жана алдын алуу багытындагы иш-чараларды биргеликте уюштуруп, өткөрүү каралган.

Фото галерея