ДОГДУРГҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “ЖОЖДОР ҮЧҮН 25 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК ДОЛБООР ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ”

Башкы Жаңылыктар

ДОГДУРГҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “ЖОЖДОР ҮЧҮН 25 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК ДОЛБООР ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ”

Image

Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева Жогорку Кеңештеги фракцияларга берген отчетунда  өзгөчө макамдагы жогорку окуу жайлардын бир жыл ичиндеги жетишкендиктерине токтолуп, ЖОЖдор үчүн 25 миллион доллардык долбоор иштелип чыкканын кабарлады.

Жогорку Кеңеште “Ата-Журт”, “Мекенчил”, “Ишеним” фракциялары билим берүү жана илим министринин отчетун угууда. Министр өзүнүн презтентациясында билим берүү тармагындагы бүгүнкү абалга, аткарылган иштерге жана көйгөйлөргө токтолду.

“Билим деңгээли боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү 19 өлкөнүн ичинен 76-орунда турат. Илимий ишмердүүлүктүн деңгээли боюнча Кыргызстан 197 өлкөнүн ичинен 126 орунда, илимпоздордун саны боюнча 128 өлкөнүн ичинен 51-орунда”,-деди Догдургүл Кендирбаева.

 Министр өзгөчө макамдагы фианансылык, академиялык эркиндик алган беш жогорку окуу жайы боюнча Президенттин Жарлыгы ишке ашырылып, жыйынтыктары боюнча ЖОЖдор өз жетишкендиктерин жана көйгөйлөрүн  Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында маалымдалганын айтты.

«Өзгөчө макамдагы бар ЖОЖдордун бир жыл ичиндеги жетишкендиктери катары  төмөнкүлөр окуу жайларда баса белгилеп кетсек болот. И.Раззаков атындагы КМТУ жана И.Ахунбаев атындагы КММА Азия рейтингиндеги 856 жождун арасынан алдыңкы 351-400 орунга ээ болду. Бул өтө чоң көрсөткүч болуп эсептелет. ОшМУ Евразиялык билим берүү мейкиндигиндеги университеттердин эл аралык рейтингинде алдыңкы үчтүгүнө кирди», — деди министр.

Ошондой эле  И.Раззаков атындагы КМТУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун бюджети 1 миллиард сомго чейин өскөнүн, КММАнын бюджети 1 миллиард 400 миллион сомго жеткенин кошумчалады.

Андан тышкары, республиканын жогорку окуу жайлары үчүн Дүйнөлүк Банктын 25 миллион долларлык долбоору иштелип чыкты. Долбоор инновацияларга жана прикладдык изилдөөлөргө, алдыңкы тажрыйба борборлорун жана изилдөө хабдарын, «инноватор – ЖОЖдорду» түзүүгө багытталат.

Министр ошондой эле билим берүү тармагынын азыркы учурда санарипке көчүрүү процессиндеги иштерди айтты. Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында 1200 мектепте атайын компьютердик класстар түзүлдү. Мектептер 25000 компьютер, эмеректерди, сканерлерди, принтерлерди,

көчүрмөлөрдү жана мультимедиялык класстарды алышты. Бул бардык негизги предметтерди окутууда математикага жана илимий жана табигый циклдин предметтерине өзгөчө көңүл буруу менен электрондук материалдарды колдонууга мүмкүндүк берет.

Депутаттардын суроо-талабы боюнча 90% компьютерлер мектептерге жөнөтүлдү. Санариптештирүүнүн деңгээлин жогорулатуу максатында мектептерге жана кесиптик лицейлерге Санариптик өнүктүрүү министрлигинен 2000 ноутбук алынды.

”Мугалимдер үчүн адистештирилген ноутбуктарды алууну пландап жатабыз (алдын ала сатып алуу баасы 1 млрд 40 млн сом). КР БИМ алдында “Санариптик билим берүү борбору” Мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Борборду түзүүнүн негизги максаты – окуунун натыйжалуулугун жогорулатуучу жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүчү санариптик инструменттерди жана платформаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле учурдагы маалыматтык системаларды өнүктүрүү жана техникалык колдоо”,-деди министр.

Булак: https://kutbilim.kg/news/inner/dogdurg-l-kendirbaeva-zhozh-ch-n-25million-dollarlyk-dolboor-ishtelip-chykty/